Covid-19га каршы эмдөө адамзаттын кырылышына алып келеби? Текшеребиз

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде эмдөөнүн артында дүйнө калкынын санын кыскартуу максаты көздөлгөн деген өңүттө видео тарады.

Анда вакцина адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, бара-бара өлүмгө алып келери айтылат. Күнүнө 100 миңдеген адам каза болгон учур келет, ал эми коронавирус мутацияга учурайт деп белгиленет. Тасмада Microsoft негиздөөчүсү Билл Гейтстин кезектеги пандемия тууралуу айтканын да көрсө болот. 

Factcheck.kg бул видеодогу маалыматтарды текшерип көрдү.

Билл Гейтстин кайрымдуулук фонду вакциналарды иштеп чыгууга финансылык жардам көрсөтөт. Дал ушул себептен улам буга чейин ал “адамзатты кыруу максатын көздөйт” жана ал “адамдарга чип киргизет” деген имиштер айтылып келген. 

Бул имиштерге Гейтстин 2010-жылы TED конференциясында сүйлөгөн сөзү далил катары көрсөтүлөт.

Гейтс конференцияда мындай деген:

“Дүйнө жүзүндө бүгүнкү күндө 6,8 млрд адам бар. Бул сан 9 миллиардга жетет. Эми биз жаңы вакцина, саламаттык сактоо, репродуктивдик ден-соолук кызматтары боюнча бир топ жумуштарды жасасак, аны 10 же 15% га кыскартабыз”.

Чынында сөз адамзатты кыруу тууралуу эмес, өнүгүп аткан мамлекеттерде көйгөйгө айланган жаш балдардын өлүмү тууралуу болгон эле. Гейтстин фонду бул көйгөйдү алдын алуу боюнча саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө салымын кошуп, эмдөөнүн жеткиликтүү болуусу үчүн иш алып барат. 

Уюм ата-энелер балдарга татыктуу жашоо бергиси келсе, сегиз балалуу эмес, бир-эки балалуу болуусу жетиштүү деген пикирди айтып келет. 

2011-жылы Билл Гейтс жубайы Мелинда Гейтс менен Forbes журналына интервью берип, жер жүзүндө адамзаттын кескин көбөйүүсүн азайтуу максатын көздөрүн айткан. Бул максатка адамдардын саламаттыгын сактоо жана кедейликтен куткарып, бакубат жашоо аркылуу жетишүү керектигин белгилеген. 

Айрым окумуштуулар калктын санынын мындай кыскарышын колдоого алган эмес. Алардын айтымында айымдарга бойго бүтүүдөн сактануу боюнча билим берүү керек. Антсе да, учурда жаш балдардын өлүмү орчундуу көйгөй бойдон калууда.

Жыйынтык: жалган. Билл Гейтс адамдардын санын вакцина аркылуу азайтууну максат кылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.