Абайлагыла шылуундар! “Шоро” компаниясы Рамазанга карата акчалай белектерди ойнотпой эле

WhatsApp’та шылуундардын кезектеги таркатмасы пайда болду. Бул жолу колдонуучуларга шилтеме аркылуу өтүп, 4 суроого жооп берип, “Шоро” компаниясынан 10 миң сомду утуп алуу сунушталууда. Компания ушундай жол менен бардыгын Рамазан майрамы менен куттуктагысы келген имиш. Бул билдирүүгө ишенүү жарабастыгын айтып беребиз.

Бардыгын билиш үчүн редакциянын журналисттери анкетаны толтуруп, билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтеме боюнча өтүп көрүштү.

Абайлагыла! Factcheck.kg редакциясы маалыматтык коопсуздуктун кызыкчылыгында бул аракеттерди кайталабаганга ЧАКЫРАТ!

Шылуундардын ушуга окшош фишинг кылуу аракеттери көптөн бери колдонулуп келет. Биздин редакция белгилүү дүйнөлүк бренддердин жана жергиликтүү компаниялардын аттарын жамынган ар түрдүү акциялардын шылуундук аракеттерин бир нече жолу ачыктаган болчу.

Шилтеме аркылуу өткөндө колдонуучуну башка дарекке өткөрөт. Ал жакта бир нече жөнөкөй аракеттерди  кылуу керек болот:

  1. Сурамжылоодон өтүү (жооптор анын жыйынтыгына эч бир таасир этпейт)
  2. Белекти тандоо (10 миң сом)
  3. Белекти алыш үчүн билдирүү менен 20 достун же 5 топтун арасында бөлүшүү керек
  4. Даректи киргизип, каттоону бүтүрүү
  5. Кийин 5-7 күн аралыгында белекти күтүү

Көңүл бургула, достор жана топтор арасында бөлүшүү үчүн чектелген убакыт берилет, бирок таймер өзүнөн өзү эле улам жаңыланып, көрсөткүч 30% менен 60%дын ортосунда гана болуп эч өзгөрбөйт. 100%га жетиш үчүн билдирүү менен көбүрөк адамдардын – 90-100 адресаттардын жана 20-25 топтордун арасында бөлүшүү керек.

Эмне күмөн жарат?

Бул жерде бардыгы күмөн жаратат. Доменден жана начар графикадан баштап начар которулган текстке жана утуп алган имиш адамдарга чейин.

Домен. Таркатмада көрсөтүлгөн r.trimfabulous.top шилтеменин “Шоро” компаниясынын сайтына эч кандай тиешеси жок. Ушунун өзү эле адамды чочулатышы керек. Шылуундар өзүлөрүнүн скриптерин жайгаштырган домен 2022-жылдын ноябрында катталган. Ээси тууралуу маалыматтар жашырылган, бирок андагы жеткиликтүү маалыматтарга караганда, ал Кытайдан.

Графика. Акцияны жарыялагандан баштап, анын ачыкталышына чейин шылуундарда аз эле убакыт бар, ошондуктан сайттагы графиканын сапаты өтө начар. Буга да көңүл буруш керек.

Текст. Жасалма сайттын дагы бир көрсөткүчү. Текст орус тилдүү окурмандар үчүн автоматтык түрдө, машина менен которулган жана көптөгөн каталар жолугат, айрым учурда күлкү келерлик каталар. Маселен, “март 2023” “маршировать 2023” деп которулган. Рамазан айынын которулушу да кыргызча эмес – Рамадан деп которулган.

Утуп алган имиш адамдар. Белектерди ойнотуу тууралуу тексттин алдында жакында “утуп алган бактылуу адамдардын” “актуалдуу” пикирлери келтирилет. Бул катышуучуларды акция актуалдуу экендигин жана дагы да утуп алса болоорун көрсөтүш үчүн жасалган болушу мүмкүн. Ошол эле кезде профилдерге шилтемелер аркылуу кирүү мүмкүн эмес, ал эми белектерди утуп алгандардын аты-жөндөрү Кыргызстандыктар үчүн мүнөздүү эмес. Алардын бардыгы машинанын котормосунда өз пикирлерин орус тилтинде калтырышкан.

“Шоро” мындай акцияны өткөрбөй эле

“Шоро” компаниясы бул таркатма боюнча тез арада жооп аракеттерин көрүп, коомдук тармактагы окурмандарын шылуундардын таркатмасы тууралуу эскертти.

Достор, «Шоро» компаниясы утуштарды уюштурган эмес. Тешкерилбеген шилтемелер аркылуу өтпөй, жеке маалыматыңыз менен бөлүшпөстөн жана бул постту мындай конкурстарга катышкан жакындарыңыздарга жибериңиз.

Шылуундардан сактаныш үчүн төмөнкү кеңештерди беребиз:

– шектүү шилтемелерди ачпагыла;

– интернетте белектерди ойнотуу жана акциялар тууралуу маалыматты текшерип чыккыла;

– өзүңөр тууралуу маалыматты чоочун бирөөгө бербегиле;

– компаниябыздин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат коомдук тармактагы расмий баракчаларыбызда гана берилет.

Тыянак: зыяндуу шилтемелерди (фишинг) таркатуу максатында уюштурулган шылуундук. “Шоро” компаниясы акчалай белектерди ойнотпой эле.