Кезектеги “таза” декларация: депутат Султанбекова салыкчылардан өз бизнесин жашырган

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарын четке кагып, бизнестеринин негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыкпай келишет. Ээлик кылган компанияларын декларацияда көрсөтүү талабын дагы этибарга алышпайт. 

Декларацияда эч бир бизнеси жок экенин көрсөткүсү келген кезектеги депутат – Чолпон Султанбекова (“Ишеним” фракциясы).

Эскерте кетсек, биз мурда бизнеси бар парламенттин депутаттары тууралуу жазган элек. Биз эми алардын салык декларацияларын коммерциялык фирмалары тууралуу маалыматтар менен салыштырабыз.

«Таза» декларация

Салык кызматтары үчүт отчетто Чолпон Султанбекова болгону үч позицияны көрсөткөн – 3.5 млн сом өлчөмүндөгү кирешесин жана эки кыймылсыз мүлктү – батирди (аянты 177.6 чарчы метр) жана дачадагы үйдү (82 чарчы метр). Белгилей кетсек, интернеттен издөө кылганда 180 чарчы метрге 4 бөлмөлүү батир туура келээрин байкайбыз. 

Султанбекова чыгашаларын жана бизнесин көрсөткөн эмес. Бирок ал азыркы күнгө чейин эки коммерциялык компанияга ээлик кылып келет (бирөөсүнө өзү жалгыз, экинчисине башкалар менен). 

Бизнес: нан бышыруу жана баалуу металлдарды казып алуу

Osoo.kg сайтындагы маалыматтар базасы боюнча, Чолпон Султанбекова эки компаниянын негиздөөчүсү болуп эсептелет: 

  • Палван” ЖЧК – нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруу. 1996-жылы Ошто негизделген. 1998-жылдан бери Султанбекова компаниянын жалгыз ээси жана директору болуп эсептелет. ЖЧК 2023-жылы бюджетке 21 миң сом салыкты төлөгөнүнө караганда, ал иштеп келет жана кирешеси бар.
  • Соломон плюс” ЖЧК – баалуу металлдарды жана сейрек кездешүүчү металлдардын рудаларын казып алуу менен алектенет, 2011-жылы Бишкекте негизделген. Султанбекова менен биргеликте аны Кудайбердиев Абдулбасид Рожоболиевич жана Шин Александр Витальевич негиздешкен.

Тыянак: “Ишеним” фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды этибарга албай, азыркыга чейин эки компанияга ээлик кылып келет жана аларды салык декларациясында көргөзгөн эмес. 

Салык декларациясындагы чындыкка жатпаган маалыматтар үчүн айып пулдун өлчөмү 5 миң сомду түзөт.