Кыргызстанда кызамык оорусу күч алды: тобокел топко ким кирет жана жуктуруп алуудан кантип сактануу керек

Былтыр Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны жети миңден ашып, алардын тогузу каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, оорунун күч алуусуна ар түрдүү ушактардын жана жалган маалыматтардын айынан элдин кызамык менен кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартуусу себепчи болгон. Кызамыктын белгилери жана аны жуктуруп албоонун жолдору тууралуу айтып бермекчибиз.

Кызамык деген эмне оору?

Кызамык – кызамыктын вирусу себепчи болгон жугуштуу оору. Вирус ооруган адам дем алганда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу таркайт.

Республикалык эмдөө борборунунун (РЭБ) маалыматы боюнча, бул жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда кызамык менен ооруган 4855 адам катталган. Алардын көбү Бишкектен (1485 адам) жана Чүй облусунан (1042 адам) болгон.

Өзгөчө төрт жашка чейинки балдар ооруга көбүрөөк дуушар болушкан.

РЭБдин билдирүүсүндө, оорунун күч алышына балдар жана чоңдор арасында кызамык менен кызылчага каршы эмдөөдөн баш тартуулар негизги себепчи болгон.

Кызамыктын белгилери жана анын татаалданышынын кесепеттери

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, оорунун белгилери адатынча вирус жуккандан кийин 10-14 күндөн кийин байкалат. Анын эң башкы белгиси – теридеги исиркектер.

Алгачкы белгилери төрт күндөн жети күнгө чейин байкалат. Алар:

  • Мурундан бүтүшү
  • Жөтөл
  • Көздүн кызарышы, көздөн жаш агышы
  • Жаактын ички бетинде майда ак тактардын пайда болушу.

Исиркек вирус жукканына болжолдуу 7-18 күн болгондо адатынча адамдын бетинде жана моюндун жогору жагында пайда болот. Ал болжолдуу үч күн аралыгында андан ары тарап, колго жана бутка чыга баштайт. Беш-алты күндөн кийин алар кубарып, соолуйт.

Оору күчөп, татталдашып, айрым учурда бейтаптын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.

Кызамыктын татаалдашы:

  • Сокурлукка
  • Энцефалитке (мээнин шишигине алып келген инфекция)
  • Катуу ич өтүүгө жана ушуга байланыштуу кандын катуусуна
  • Кулактын инфекциясына
  • Дем алууга байланыштуу маселелерге, анын ичинде пневмонияга алып келиши ыктымал.

Тобокел тобуна ким кирет

Иммунитети начар каалаган адам кызамык менен ооруп калышы мүмкүн, бирок эмделбеген жаш балдар жана кош бойлуу аялдар арасында ооруп калуу тобокелдиги жогору болуп эсептелет.

Жуктуруп алуудан кантип сактанса болот

Кызамык эң жугуштуу оорулардын катарына кирет: жүздөшүп жолугушкан эмделбеген он адамдын тогузу бир оорулуу адамдан жуктуруп алышы мүмкүн.

Кызамыктан сактануунун эң жакшы жолу – эмдөө. Кыргызстанда балдар 12 айында биринчи жолу эмделет, ал эми акыркы убакка чейин балдар алты жашка чыкканда экинчи жолу эмделип келген. Бирок быйыл мартта профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына өзгөртүүлөр киргизилди, эми балдар эки жашында экинчи эмдөөдөн өтүп турушмакчы.

Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи тогуз айында 17 миң кыргызстандык диний себептерден жана эмдөөнүн коопсуздугунан шектенгендиктен балдарын эмдеттирген эмес.

Бийлик оорунун таркашын токтотуу максатында төмөнкү чараларды көрүүдө:

— Республика боюнча пландык негиздеги эмдөөнү күчөтүү;

— Оорулуу менен байланышта болгон адамдарды эмдөө;

— Балдарын эмдеткиси келбеген ата-энелерге өзгөчө көңүл буруп, профилактикалык эмдөөлөр менен көбүрөөк адамдарды камтуу иш-чараларын күчөтүү;

— Бишкек шаарында жана республиканын аймактарында, анын ичинде Чүй жана Жалал-Абад облустарында мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин арасында окутууларды өткөрүү.

Тыянак:

  1. Учурда кызамык оорусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күч алууда;
  2. Кызамык оорусу төрт жашка чейинки балдар арасында көбүрөөк кезигет;
  3. Оорунун күч алышына ата-энелери балдарын эмдетирбегени негизги себепчи болууда.