Кыргызстанда жардыргыч заты бар кол чырактар ташталуудабы? Текшеребиз

Акыркы күндөрү мессенжерлерде батарейканын ордуна жардыргыч зат орнотулган кол чырактар калктуу конуштарда ар кайсы жерге ташталып жатат деген билдирүү таркатылууда. Бул билдирүү кызыл жана жашыл түстөгү эки кол чырактын сүрөтү менен коштолот. Factcheck.kg’нин журналисттери бул маалыматтын калп-чынын текшерип чыгышты.

Биз таркатылып жаткан сүрөттү алып Google Lens аркылуу ага окшош сүрөттөрдү интернеттен издедик. Так ушундай сүрөт бир канча сайттарда жарыяланганын байкадык.

Так ушундай билдирүү Анапа шаарындагы (Орусия) чаттарда да таркатылып жатканын аныктадык.

«Кубань 24» билдиргендей, Анапа шаарынын муниципалдык башкаруу борбору жардыргыч заты бар кол чырактар тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

«Бул билдирүүлөр жалган. Жооптуу шаардык кызматтар билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө», – деп билдирген Анапанын муниципалдык башкаруу борбору Telegram’да.

Ушундай эле билдирүүлөр Воронеж шаарынын (Орусия) чаттарында байкалган. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы бул маалымат жалган экенин билдирген.

Андан сырткары жардыргыч заты бар кол чырактар тууралуу билдирүү Брест облусунда (Беларусь), Энергодарда жана Харьков облусунда (Украина) коомдук тармактарда таркатылган. Бул билдирүүнү Харьков облусуна караштуу Первомайский шаарынын мэриясы да төгүндөгөн.

Тыянак: калп. Бул билдирүү Кыргызстандын аймагынан сырткары чет өлкөлөрдө да кеңири таркатылып келет. Аны расмий органдар бир нече жолу төгүндөшкөн.