Кыргызстанда кызамык оорусу күч алды: эң көп кезиккен мифтер

Кыргызстанда кызамык оорусуна байланыштуу абал курч бойдон калууда. Республикалык эмдөө борборунунун (РЭБ) маалыматы боюнча, 18-мартка карата өлкөбүздө кызамык менен ооруган 6081 адам катталган. Мурдагы материалыбызда кызамык оорусу негизинен жаш балдар арасында көбүрөөк кезигерин жана оорунун күч алышына ата-энелери балдарын эмдеттирбегени негизги себепчи болорун айтканбыз.

Бул материалда болсо кызамык оорусуна байланыштуу эң көп кезиккен мифтер тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Эмдөө кызамык оорусунан 100% коргобойт

Көз жазгыруу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, вакцинаны эки жолу алган адамдардын 99% өмүрүнүн аягына чейин кызамык оорусунан корголгон болот. Андан сырткары ДСУ билдиргендей, кызамыктан сактануунун жалгыз жолу болуп эмдөө саналат.

Эмдөө кыйыр терс реакцияларды жаратат

Көз жазгыруу. Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-врачы Марина Малышеванын айтымында, кыйыр терс реакциялар бул кадыресе көрүнүш болуп эсептелет, анткени организм ага кирген антигенге жооп берип жатат.  

Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, эмдөө убактылуу жана көп байкалбаган реакцияны жаратышы мүмкүн, мисалы, шишимикти, катууланууну жана дене табынын бир аз көтөрүлүшүн. Бардык реакциялар 2-3 күндүн ичинде дарыланбай эле өзүнөн-өзү кетет. Эмдөө менен алдын ала турган оорулардын кесепети эмдөөдөн кийинки терс таасирлерден алда канча жогору экенин белгилей кетебиз.

Табигый түрдө иммунитетти жаратыш үчүн кызамык менен ооруган туура болот

Жалган. Марина Малышева мындай ойлонуу таптакыр туура эмес деп эсептейт.

«Чынында иммунитет эмдөөгө жана оорунун инфекциясына окшош жооп кылат. Бирок чыныгы инфекция оор өтөт жана олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Чыныгы инфекция жараткан иммунитетти алам десеңиз ХИБ-иинфекциясынан улам баланын психикалык жактан артта калуусу, тубаса кызамык синдромунан өсүп-өнүгүүнүн тубаса кемтиктери, гепатит В инфекциясынан улам боор рагы болушу же адам кызамыктан, дифтериядан өлүп калышы толук ыктымал экенин билесизби».

Кызыл түстөгү кийимдерди кийбесең, тамак-ашты жебесең кызамык менен оорубайсың

Жалган. Республикалык санитардык-эпидемиологиялык борбордун эмдөө бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова бул мифти төгүндөп, кызамыктан сактануунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилейт.

Эмдөө аутизмдин күчөшүнө алып келиши мүмкүн

Жалган. ДСУнун маалыматы боюнча, эмдөө менен аутизмдин ортосунда байланыш жок. Мындай тыянак көп адамдардын катышуусундагы көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган.

Бул миф 1998-жылы жарыяланган изилдөөдөн кийин пайда болгон. Анда кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы эмдөө менен аутизмдин ортосунда байланыш болушу мүмкүн деген тынчсыздануу айтылган болчу. Бирок кийинчирээк бул изилдөөдө бир катар олуттуу бурмалоолор аныкталган. Бул эмгекти жарыялаган журнал кийин аны кайра артка кайтарып алган, ал эми аны жазган дарыгердин медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы жокко чыгарылган.   

Кызамыкка каршы вакцинанын курамындагы антибиотик дүлөйлүккө жана бөйрөктүн маселелерине алып келиши мүмкүн

Жалган. Factcheck.kz редакциясындагы кесиптештерибиз тактагандай, «Приорикс» аталышындагы кызамыкка, кызылчага жана паротитке каршы вакцинанын курамында чынында эле «неомицин сульфаты» деген антибиотик бар. Бул антибиотикке аллергиялык реакция болушу мүмкүн, бирок күнүмдүк жашообузда аллергенге туш болуп калуу ыктымалдык андан кыйла жогору болуп эсептелет.

Адатынча антибиотикти вакцинага ал ачылганда бузулуп кетпеши үчүн, же өндүрүштүн ар түрдүү баскычтары учурундагы консервант катары кошулат.

Өндүрүүчүнүн билдирүүсүндө, «Приориксте» неомицин сульфатынын көлөмү 25 микрограммдан ашпайт. Бул доза ууланууга алып келбейт.

Тыянактар:

  1. Эмдөө кызамыкты алдын алуунун жалгыз натыйжалуу жолу болуп эсептелет.
  2. Эмдөө кыйыр терс эффектилерге алып келиши мүмкүн, бирок ал организмдин кадыресе реакциясы болуп саналат.
  3. Вакцинанын курамында чынында эле антибиотик бар, бирок ал ууланууга алып келбейт.