«Крокус Сити Холлдогу» теракт: жалган жана далилденбеген билдирүүлөрдү талдайбыз

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Крокус Сити Холлдо террордук акт болду. Куралчан топ «Пикник» музыкалдык топтун концертинин алдында концерттик залга кирип барып, адамдарга карата ок чыгарган. Бир аздан кийин имаратта жардыруу болуп, өрт башталган. Учурда 139 адам курман болгондугу белгилүү.

Теракт учурунда жана андан кийин бул окуя тууралуу маалыматтар интернетте өтө көп болуп алардын арасында жалган жана далилденбеген маалыматтар эл арасына кеңири тарап кеткен. Factcheck.kz редакциясы андай маалыматтардын негизгилерин талдап чыкты.

Алексей Даниловго байланыштуу дипфейк

Теракт тууралуу алгачкы жаңылыктар пайда болгонуна бир нече саат болуп калганда кремлди жактаган Пул №3 Telegram-каналында украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов терактка «Украинанын тиешеси бар» деген имиш видеосу таркатылган. Ролик менен орусиялык ТВнын алып баруучулары Ольга Скабеева жана Руслан Осташко жана ошондой эле патриоттук чоң Звезда каналы бөлүшкөнү жетишкен.

Бирок видео дипфейк болуп чыкты. Бул тууралуу Пул №3 каналы да өзү билдирген. «Даниловдун видеосу – нейротармак жараткан дипфейк деп жазып жатышат. Биз видеонун аныктыгы тууралуу эч нерсе айта албайбыз», – деп билдирген паблик.

Белгилей кетүүчү нерсе, дипфейк Telegram-каналдарда гана таркатылбастан, орусиялык каналдардан да көрсөтүлгөн окшойт. Интернеттен НТВ телеканалынын логотиби бар скриншотторду табууга болот.

Видеодо Данилов Украинанын күнөөсүн «кыйыр» түрдө билдирген түшүнүксүз текстти айтат имиш.

«Бүгүн Москвада кызыктуубу? Мен абдан кызыктуу болушу керек деп ойлойм. Аларга мындай кызыктуу нерсени тез-тез уюштура турганыбызга ишенгим келет. Кантсе да «бир тууган» эл эмеспи, ал эми тууган-уруктарды көбүрөөк кубантып, аларга бат-баттан конокко барып туруу керек. Демек, барып турабыз».

Ролик өтө популярдуу болгону бизди таңгалдырат, анткени бир караганда эле Даниловдун мимикасы бир кызык экени жана сүйлөгөн сөздөрүнө дал келбегендиги байкалып турат. Бул сапаты начар дипфейк экенин айгинелейт, бул тууралуу украиналык Дезмаалыматтарга каршы туруу борбору да билдирген.

Украиналык «Факти» сайты 2024-жылдын 16-мартында эфирге чыккан «Мы – Украина» телеканалынын эфиринин жазуусун тапкан, ошондогу фрагмент фейкти жаратууга колдонулган. Андан алып баруучу менен Данилов эмес Кирилл Буданов маектешкенин көрсөк болот.

Жалган багыттоо маалыматтар

Теракттан көп өтпөй көптөгөн пабликтер жана ЖМКлар шектүүлөр тууралуу биринчи багыттоо маалыматтарды (ориентировка) тарката башташкан. Алар күч органдарына жакын «ВЧК-ОГПУ» каналына шилтеме кылышкан. Каналдын өзүндө учурда бул жазуу өчүрүлгөн.

Кийин аныкталгандай, «ВЧК-ОГПУнун» маалыматы чындыктан алыс болгон. Орусиянын ИИМине таандык «Вестник киберполиции России» Telegram-каналы билдиргендей, аталган адамдар «быйыл мартта жүргүзүлгөн антитеррордук операция учурунда укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган болчу».

Андан кийин дагы бир багыттоо маалымат Mash жана Baza ири Telegram-каналдарында пайда болуп, интернетте кеңири таркатыла баштаган.

Бирок бул маалымат дагы дээрлик толугу менен жалган болуп чыкты. Билдирүүлөргө ылайык, коомдук тармакта жарыяланган тизмектегилердин кеминде үчөөсүндө алибилери бар.

Шектүүлөрдүн үчөөсү «Тажикстандын жарандары» деген маалыматка бул өлкөнүн ТИМи жооп кылган. Анын билдирүүсү боюнча, Исмонов Ривочиддин жана Насриддинов Махмадрасул 2023-жылдан бери Тажикстанда болгон жана ошондуктан алардын кылмышка эч кандай тиешеси жок. ЖМКлардын билдирүүлөрүнө ылайык (1, 2), укук коргоо органдарына өзү келген Рустам Назаров дагы терактка эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Ал Самарада жашайт жана 22-март күнү ал үй-бүлөсу менен болгон.

Андан сырткары шектүүлөр түшкөн деп божомолдонгон автоунаа токтотулганда кармалгандар тууралуу маалымат менен Интернетте таркатылган маалымат ар башка болгон.

ФСБ 23-мартта 11 адам, алардын ичинде төртөөсү терактка шектелгендер кармалгандыгы тууралуу билдирген. 24-март күнү кечинде Москванын Басман райондук сотунда биринчи жыйын болуп өтүп, анын жыйынтыгында Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсутдин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов 2024-жылдын 22-майына чейин камакка алынган болчу.

Кийин дагы төрт адам камакка алынган: Диловар Исломов, камакка алынгандар түшүп бараткан ак Ренонун акыркы ээси; Исроил Исломов, Диловар Исломовдун атасы; Аминчон Исломов, Диловар Исломовдун бир тууганы; жана Алишер Касимов, алдын-ала маалыматтар боюнча, шектелип жаткандардын бири Шамсутдин Фаридуниге батир берген.

Рустам Ажиев

Х (мурдагы Twitter) коомдук тармагында атайын кызмат кармагандардын арасында «Украинанын жараны Рустам Ажиев» (1, 2, 3) болгон деген маалымат кеңири таркатылган болчу (1, 2, 3, 4, 5, 6). Ага далил катары коомдук тармактын колдонуучулары Ажиевдин сүрөтүн жана шектүүлөрдүн бири кармалган жерде тартылган сүрөттөр менен видеолорду жарыялашкан.

Бирок кармалган адам менен Рустам Ажиевдин сүрөтүн салыштыра келгенде бул таптакыр эки башка адам экени ачык айкын көрүнүп турат. Интернеттеги белгилүү талдоочу @DefMon3 биринчи кезекте алардын кулактары окшош эмес экендигине көңүл буруу керектигин айтат, бул адамдын ким экендигин аныктоонун жакшы жолу дейт ал. Кийин белгилүү болгондой, кармалган адам Далержон Мирзоев болуп чыкты.

Жалган маалыматтын толкуну Х коомдук тармагында башталды, буга 1 млн жазылуучусу бар @MarioNawfal колдонуучунун посту себепкер болушу мүмкүн.

Учурда Науфаль твитти өчүрүп, аны төгүндөгөн пост жазган, бирок жалган маалымат болбой эле интернетте тарап жатат.

Украинага жол

ФСБнын маалыматы боюнча, шектүүлөр Брянск облусунда кармалышкан. Орусиянын атайын кызматынын билдирүүсу боюнча, «кылмышкерлер орусия-украин чек арасынан өтүп кетүүнү көздөшкөн жана аны үчүн украин тарапта тийиштүү байланыштары болгон». Бул тууралуу Владимир Путин дагы айткан.

Бирок бул билдирүү жетиштүү түрдө далилденбеген. Автоунаа токтотулган жана шектүүлөр кармалган жер боюнча бири бирине карама-каршы келген маалыматтар айтылууда. Шектүүлөрдүн М-3 «Украина» трассасында болгонуна далилдердин бири алардын биринин кармалышын тарткан видео болушу мүмкүн. GeoConfirmed тобунун ыктыярчысы видео тартуу жүргүзүлгөн жердин болжолдуу координаталарын аныктаган — 53.079839, 34.554634 — бул болжолдуу түрдө М-3 трассасынын 14-километрине туура келет. Автоунаа токтотулган жерди сүрөттөр боюнча аныктоо татаалыраак. Factcheck.kz редакциясынын божомолунда, ал ушул эле трассада токтотулган. Бирок андай болгон күндө, шектүүлөрдүн ой-максаттарын жана алардын байланыштары тууралуу укук коргоо органдарынын билдирүүлөрүнө бул айныксыз далил боло албайт.

Белгилүү болгондой, Брянск облусу Украина менен гана эмес Белорусь менен да чектешет. Кызыгы, алгач Интернетте шектүүлөр түшүп качып кеткен Renault Symbol автоунаасы Тёплый поселогунун жанында кармалды деген маалымат таркатылган. Автодо алты адам болуп, алардын төртөөсү качып кеткен имиш.

Тёплый поселогу Белорусь менен чек арага жакын жайгашат.

Дагы көңүл бурдура турган жагдай, Белорустун элчиси Дмитрий Крутой бул өлкөнүн атайын кызматтары Орусияга террорчулардын «жалпы чек арадан чыгып кетпөөсүнө» жардам беришти деп билдирген.

«Кечээтен бери атайын кызмат уюмдары тыгыз иштешүүдө. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчиси кесиптеши менен дайым түз байланышта. Өткөн түндөгү негизги максат террорчулардын жалпы чек арадан чыгып кетпөөсүнө жол бербөө болду. Бул максатка жеттик. Максималдуу коопсуздук чаралары киргизилди», – Дмитрий Крутой, Белорустун Орусиядагы элчиси.

Бирок бир саат өтпөй Орусиянын Мамдумасынын депутаты Александр Хинштейн алдын ала маалымат боюнча, автоунаа эми Хацунь айылына жакын жерда байкалган деп билдирген. Бул конуштуу жай М-3 «Украина» трассасына жакын жерде Тёплый поселогунан 200 чакырым алыстыкта жайгашат.

Кийин Интернетте талкаланган Renault Symbol автоунаанын сүрөтү жарыяланган. Кийинчирээк ЖМКлар билдиргендей, автоунаа киев шоссесинин 376-километринде токтотулган.

Бул сүрөттө автоунаанын арт жагында жайгашкан чоң карагай жана анын оң жагында жайгашкан кичирээк карагай адамдын көңүлүн өзүнө бурдурат.

Google картаны колдонуп 375-километр менен 376-километрдин ортосунда сүрөттөгү карагайга окшош карагайды көрсөк болот. Акыркы сүрөт 2018-жылы жайында тартылып, карагайдын башка бак-дарактардын арасында жакшы байкалбагандыгы салыштырууну бир аз татаалдантат, ал эми анын жанындагы кичирээк карагай такыр эле байкалбайт.

Яндекс картасындагы сүрөт жаңыраак. Ал 2021-жылдын 1-февралында тартылган жана андан чоң карагайды жана анын жанындагы кичинекей карагайды көрсөк болот.

Алар «Известиянын» репортажында да кадрга түшкөн.

Андан кийин коомдук тармактарда шектүү Саидакрами Рачабализоданын кармалышы тууралуу видео пайда болду. @GeoConfirmed тобунун ыктыярчысы кадрлар боюнча видео тартылган жердин болжолдуу координатасын аныктаган — 53.079839, 34.554634, бул болжолдуу түрдө М-3 «Украина» трассасынын 14-километрине туура келет. Айрым деталдар чынында эле окшош. Шектүүнү токойдон алып чыгып келатышат жана видео тартуу болгон жерге аны кайсыл жактан алып (же ташып) келишкенин так айта албайбыз.

Ошентип, автоунаа башында эле киев шоссесинде болгонбу, же аны кууп жүрүп ушул жактан токтотушканбы; шектүүлөр Тёплый поселогунун жанында болушканбы же бул жалган маалыматпы; террорчулардын жалпы чек арадан чыгып кетпөөсү тууралуу айтып жатып Белорустун Орусиядагы элчиси эмнени айткысы келди эле; чынында эле автоунаа Украина тарапка баратты беле же биринчи көзгө урунган жол аркылуу качып кетүү аракетинде беле, азырынча булар белгисиз. Бул суроолорго так жооптун жоктугу, жана да жалпы эле маалыматтын жетишсиздиги Украинанын тиешеси бар деген версияны негиздүү деп эсептегенге жол бербейт.