Бир маселенин айланасында талкуу жүргүзгөн КТРКга МЕДИАСЫН

6-январда коомдук телеканалда президенттикке аттанган талпакерлердин дебаттарынын 2-туру башталган. Бул чыгарылыш социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты —колдонуучулар дебаттын жүрүшүнө нааразычылыгын билдирип, КТРКга жаңы ысым ыйгарганга да жетишти.

Мындан улам Factcheck.kg «Медиасын» рубрикасынын алкагында дебат учурунда келтирилген мүчүлүштүктөр тууралуу кеп кылууну туура көрдү.

Эске салсак, КТРК мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жылына 400 млн сомду чыгымдайт. Башкача айтканда коомдук телеканалдын бир күндүк иши салык төөлөчүлөрдүн эсебинен 1 млн сомдон ашуун каражатты сарптайт. КТРКнын эң негизги максаттарынын бири — “коомдук” деген наамга татыктуу болуп, элдин көйгөйүн туура жана калыс чагылдыруу деп эсептелинет.

Дебаттагы эрежелер

Эфирдин башында алып баруучулар дебат эрежелери тууралуу кеп козгоп, президенттикке ат салышкандарга башка кандидаттарга каршы үгүт кылууга тыюу салынганын айтып өттү. Алар бул талап БШК тарабынан коюлганын жана мыйзамда бекитилгенин кошумчалады. Адахан Мадумаров менен Курсан Асанов бул эрежеге карата нааразычылыгын билдирип, тиешелүү буйрукту талап кылышты.

Factcheck.kg алып баруучулардын сөзүн текшерип көрүп, жогоруда айтылган бөгөт президентти жана депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзамда чынында эле бар экенин аныктады. Ал эми БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева бул бөгөт 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынганын айтып,  аны мыйзамдагы акылга сыйбас берене катары баалады.

Калыстыктан таюу

Биринчи турда Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун дебатка экинчи ирет келбей калганын сынга алды. Алып баруучу Зарина Үмөталиева Мадумаровго: “Биздин канал үгүт иштери үчүн бардык кандидаттарга бирдей шарт түзүп берет. Бирок дебатка катышуу же катышпай коюу ар бир кандидаттын өз иши”, – деп жооп берди.

Алып баруучунун жообуна Мадумаров ачууланып: “Сизден ким сурады? Сиз жөн гана алып баруучусуз!”— деди. 

Чынында Үмөталиева бир кандидаттын таламын талашкандай болуп, экинчисине жооп кайтарганы — калыстыктан тайганы. Ал эми калыстык, нейтралдуулук, тең салмактуулук — журналистикада эң алгачкы принциптер экени белгилүү.

Кайталоо жана жашыруун авторитет

Биринчи раундда кыргыз тилинде берилген алгачкы суроо 2010-жылкы башкаруу формасына тиешелүү болду. Алып баруучу Амантур Шергазиев кандидаттарга 2010-жылы эмне себептен элге кандай башкаруу керек экендиги тууралуу суроо узатылган эмес деди.  Ал эми талапкерлер өткөн нерсени талкуулабай, келечекти, маанилүү көйгөйлөрдү көтөрөлү, өлкөнү мыйзам талаасына кайтарып, экономика, таза аба жана гидроэнергетика маселелерин талкуулайлы деп бир ооздон айтып атты.

Бирок Шергазиев кандидаттардын сунушуна маани бербей, башкаруу формасы жана референдум тууралуу экинчи ирет кеп козгоду.  «Башкаруу формасын эл өзү тандашы керекпи?»— деди ал. Талапкерлер биринчи суроого берген жообун экинчи ирет кайталаганга мажбур болду. Алып баруучу жоопторго ынанган жок. Кайрадан референдум тууралуу суроо салды. Ошентип биринчи турдун үч суроосу тең бир теманын айланасында өттү. Коомдук телеканал муну аз дедиби, айтор, орус тилиндеги суроолор да кандидаттарды айткандарын кайталоо мажбурлады.

Зарина Үмөталиева мындай деди:

«Көптөгөн эксперттердин айтымында бизде парламенттик башкаруу өзүн актаган жок. Парламенттик башкаруунун тушунда коррупция гүлдөп, жоопкерсиздик курчуду. Эмне үчүн парламенттик форма бизде иштеген жок?»

Алып баруучунун суроосунда “жашыруун авторитет” деген аталыштагы эң натыйжалуу манипуляция ыкмасы камтылган. Мында эксперттерге, абийирлүү адамдарга шилтеме берилет, бирок алардын ысымы, дегеле алар тууралуу так маалымат айтылбайт. Мисалы: “Окумуштуулар бир нече жылдан тарта изилдөөлөрдү жүргүзүп, төмөндөгү жыйынтыктарга келди…”, “дарыгерлер сунуштайт…” , “президенттин жанындагы өзүн атагысы келбеген инсан мындай деди…” ж.б.у.с. Белгисиз абийирлүү адамга шилтеме берсе, ага ишеним пайда болот. Булак – Сороченко, 2006, бб. 245-249.

Алып баруучулардын талапкерлерге бешинчи ирет суроо салуусу да башкаруу формасын айланып өтө алган жок: “Парламенттик башкарууга эволюция жолу менен эмес, революция жолу менен өттүкпү? Бул бизде иштебей калдыбы? Анын себеби парламент өзүн өзү дискредитацияладыбы? Биз парламенттик башкарууга даяр эмеспизби?”

Канат Исаев буга жооп катары президенттик форманын да кемчилиги бар экенин айтып өттү. Ал эми Үмөталиева мындай деди: “буга карабай парламенттик башкаруунун өзү жакшы. Бирок, Аймен Абдыталипович белгилегендей эл өкулдөрү парламенттик башкарууну дискредитацияладыбы?”

Талапкерлер кеп башкаруу формасында эмес, бийликтеги адамдарда деп бир нече ирет белгилеген эле.

Буга карабай, кезектеги суроо кайрадан башкаруу формасы тууралуу болду: “Биз өзүбүздүн жолубузду издөөдөбүзбү?”

Курсан Асанов бул суроого жооп бергенин айтып, анын ордуна пандемия жөнүндө кеп козгоп, ыктыярчылардын ишин баса белгиледи. Бирок Үмөталиева парламенттик башкарууну пандемия менен байланыштырганга да жетишти:

“Пандемия учурунда парламент элдин кыжырына тийди. Алардын (депутаттардын – ред.) жоопкерчиликсиз (өргүүгө – ред.) кетип калганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.  Андыктан парламентаризмге биз даяр эмес экенбиз деген пикир жаралды”.

Мадумаров муну учурда талкуулоонун кажети жок деп кайрадан жооп берди. Үмөталиева буга канааттанбай, коомчулук ушул суроолорго жооптуу күтүүдө деп так кесе айтты.

Андан соң алып баруучу кайрадан “Биз парламенттик башкарууга даяр эмеспизби?” деп суроо салды. Ушуну менен дебаттын жүрүшүндө башкаруу формасына тиешелүү сегизинчи суроо берилди.  

Аймен Касенов: “Биз эл үчүн эмне иш жасарыбыз тууралуу, программаларыбызга тиешелүү практикалык суроолорду күтүп атабыз”, – деп жооп берди.

Бир маселенин айланасында гана талкуу жаратып, бир эле суроону кайра-кайра берүү — манипуляциянын “кайталоо” ыкмасы деп аталат. Кайталоо обонго салынышы мүмкүн, же ар кай жерде жайгаштырылган сүрөт иретинде болушу мүмкүн. Мындан тышкары, фраза, текст, тасманын кадры же башка түрдө берилет. Манипуляциянын бул ыкмасы кандайдыр бир образды адамдардын эсинде калтыруу максатында пайдаланылат. Булак – Коул, 1998, бб. 210-312.

Алып баруучунун пандемия учурунда коомчулук парламентаризмге даяр эмес экинин билди деп белгилегени — манипуляциянын “көпчүлүктүн атынан айтуу” деп аталган дагы бир ыкмасы. Мисалы, “коомчулук ушундай ойлойт, демек, бул туура пикир” деген сыякту. Булак – Коул, 1998, бб. 210-312.

Шайлоо жана аба ырайы

Башкаруу формасы менен референдумга тиешелүү сегиз суроо узатылганына карабай, алып баруучулар бул темадан алыс кеткен жок. Алар референдум менен аба ырайынын байланышын таап чыгып, ортого салды:

“Синоптиктердин божомолуна таяна турган болсок, 10-январда аба ырайы жакшы болуп, күн 10 градуска чейин жылыйт. Практика көрсөткөндөй, аба ырайынын жакшы болушу шайлоочулардын өнөктүккө активдүү катышуусун шарттайт. Сиз ким жеңет деп ойлойсуз? Шайлоонун жыйынтыгы, элдин тандоосу менен макул болосузбу же тарапташтарыңызды аянтка алып чыгасызбы?”

Амантур Шергазиев аудиторияга шайлоонун жыйынтыгын алдын ала ачыктап атат. Ал талапкерлерге мындай суроо берүү менен алардын жеңишинен күмөн санаганын билдирет. Бул журналистиканын калыстык, нейтралдуулук жана тең салмактуулук принциптеринин кайрадан бузулушу тууралуу кабар берет.

Мындан тышкары, алып баруучунун суроосунда “стереотип” аттуу манипуляция ыкмасы камтылган.  “Шайлоонун жыйынтыгы, элдин тандоосу менен макул болосузбу же тарапташтарыңызды аянтка алып чыгасызбы?”  деп сураганда көрөрмандарда “митинг”, “башаламандык” ж.б.  терс ассоциациялар пайда болуп, талапкерлерге карата терс пикирдин жаралышына өбөлгө түзүлөт.

Стереотиптер – объектиге көө жабуу, тамга басуу аркылуу аудиториянын терс пикирин, терс эмоцияларын пайда кылуу. Булак – Коул, 1998, бб. 210-312.

Жыйынтык:

6 декабрда коомдук телеканалда өткөн дебат учурунда Амантур Шергазиев менен Зарина Үмөталиева

  • журналистиканын алгачкы принциптерин одоно бузуп, талапкерлерге өз пикирлерин бир нече ирет таңуулаган;
  • манипуляциянын “кайталоо”,”көпчүлүктүн атынан айтуу”, “стереотиптер” жана “жашыруун авторитет” аттуу ыкмаларын пайдаланган;
  • Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10-беренесин бузган. “Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл”.