Судьялардын декларациялары: Айрымдарынын үйлөрү жок, бирок алардын бардыгы президенттен да бай

Кыргызстандын бардык судьялары 2021-жылдагы кирешелери тууралуу отчет беришти. Factcheck.kg редакциясы алардын декларациялары менен таанышып чыгып, эң бай судьялардын ТОП-9ун түздү. Спойлер: тизмектеги судьялардын бардыгы президенттен да бай болуп чыгышты – мамлекет башчынын 2021-жылдагы кирешеси 998 миң сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, биздин редакция депутаттардын (мурдагы жана азыркы) декларациялары менен таанышып чыгып, эң бай депутаттардын тизмегин түзгөн эле. Биринчи орунду VI чакырылыштын депутаты Азамат Арапбаев ээлеген – 2021-жылдагы декларациясы боюнча ал 147 млн сом тапкан. Эми судьялардын декларацияларына көңүл бурсак:

* Бул материалды даярдап жатып биз Кыргызстандагы бардык (Жогорку Соттун, областтык, шаардык, райондук соттордун) судьялардын декларацияларын талдап чыктык.

9) Биздин тизмекти судья Күмүшбек Жоомартов баштайт. Анын 2021-жылдагы кирешеси 2.4 млн сомду түзгөн. Ал жалпы аянты 11.5 гектарды түзгөн төрт жер участкасына, автоунаага (судья унаанын моделин көрсөткөн эмес – ред. түш.) жана 1.3 млн сомго бааланган мал-жандыгына ээлик кылат.

Жакын туугандары 2021-жылы көбүрөөк киреше табышкан – 9.3 млн сом. Аларга 130 чарчы метрлик үй, 15.5 гектар жер участогу жана эки автоунаа катталган.

 

8) Жогорку соттун мурдагы судьясы Памирдин Жумагулов 2013-жылдан 2021-жылдын май айына чейин Жогорку сотто иштеген. Ал 2021-жылы 2.6 млн сом тапканга жетишкен, ал эми анын чыгымдары 560 миң сомду түзгөн (2020-жылы дагы ал чыгымдар деген жерде 560 миң сомду көргөзгөн – ред. түш.). Декларациясында Жумагулов үйү жок экенин, бирок Lexus ES350 автоунаасы бар экенин көрсөткөн.

Судьянын жакын туугандары 2021-жылы жалпысынан 37 миң сом табышкан жана аларга 1 га аянтындагы бир жер участогу катталган.

 

7) Гүлкайыр Алиева – Бишкек шаардык соттун судьясы. Анын 2021-жылдагы кирешеси 2.8 млн сомду түзгөн. Бул 2020-жылы тапкан кирешесине (646.8 миң сом) салыштырмалуу төрт эсе көп.

Гүлкайыр Алиеванын дагы өзүнүн үйү же батири жок, бирок үй эмеректери, тиричилик техникасы жана жылкылары бар, алардын жалпы баасы 360 миң сом деп көрсөтүлгөн.

 

6) Нурбек Эсеналиев – Бишкек шаардык соттун төрагасы, ал 2.9 млн сом тапкан. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу үч эсе көп. 2020-жылы ал 900 миң сом тапкан болчу. Ошондой эле ал декларацияда 795 миң сому бар банктык аманат китепчесин көрсөткөн. Ага 79.24 чарчы метрлик батир жана Toyota 4Runner автоунаасы катталган.

Жакын туугандарынын кирешелери 771.2 миң сомду түзгөн. Алардын 70 чарчы метрлик батири, контейнери жана банкта 3 млн сомдон ашык аманаты бар.

 

5) Канат Аманов – Ысык-Көл облустук соттун төрагасынын орун басары. Анын жылдык кирешеси 3.4 млн сомду түзгөн, бир жыл мурун анын кирешеси эки эсе азыраак болгон – 1.8 млн сом. Судьянын үйү жана батири жок, бирок анын аянты 600 чарчы метрди түзгөн үй алдындагы/бакча участогу, бир гектар айыл чарба жери жана 3 млн сомдук малы бар.

Декларацияга ишенсек, Канат Амановдун жакын туугандары 2021-жылы 170 миң сом табышкан. Аларга аянты 173 чарчы метрлик үй, 300 чарчы метрлик эки участок ГАЗ-САЗ 3507 жана МТЗ-82 айыл чарба техникалары катталган.

4) Болотбек Сатыбалдиев – Бишкек шаардык соттун судьясы. Анын 2021-жылдагы кирешеси 3.9 млн сомду түзгөн. 2020-жылы анын кирешеси 514 миң сом болчу, б.а. ал бир жыл аралыгында 8 эсе өскөн.

 

 

Менчигинде аянты 263.4 чарчы метр үйү жана жалпы суммасы 852 миң сомду түзгөн үй эмеректери, тиричилик техникалары жана малы бар экенин көрсөткөн. Ал эми жакын туугандары 2021-жылы 120 миң сомду табышкан. Судьянын билдирүүсүндө, алардын эч бир мүлкү жок.

 

3) Үч алдыңкы орунду судья Лейла Байдаева ачат. Ал Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы болуп 2021-жылдын башында дайындалган болчу. Анын судья катары алгачкы кирешеси 5.1 млн сомду түзгөн. Декларацияга ылайык, анын 234.5 чарчы метрлик үйү, 48.3 чарчы матрлик батири жана бир катар жер участоктору бар.

Судья болуп дайындалганга чейин ал Раимбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдун адвокаттарынын бири болгон. Ал «Азаттыкка», журналист Али Токтакуновго, «Клооп» жана «24.kg» интернет-басылмаларына каршы соттук иште Матраимовдордун үй бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон.

Лейла Байдаеванын үй бүлөсүнүн кирешеси дээрлик 20 млн сомду түзгөн, ал эми алар ээлик кылган мүлктүн катарында батир, эки үй, беш жер участогу, эки автоунаа жана 10.3 млн сомдук мал көрсөтүлгөн.

 

2) Судья Жамил Шаршеналиев андан да көбүрөөк киреше тапканга жетишкен. Анын жалпы кирешеси 6 млн сомду түзгөн. Ошондой эле судьянын 121 чарчы метрлик батири жана 35 млн сомдон ашык аманаты бар.

 

1) 2021-жылы баарынан көп кирешени судья Нурмат Самаков тапкан. Эгер 2020-жылы Самаков 400 миң сом тапкан болсо, 2021-жылы анын кирешеси 26 эсе өсүп, 10 млн сомдон ашык, же, тагыраак айтканда, 10 318 699 сом 21 тыйынды түзгөн. Анын 63 жана 48 чарчы метрлик эки үлүш батири жана үч жеңил автоунаасы бар.

Жакын туугандарынын кирешеси 1.6 млн сомду түзгөн.