Урганы – жакшы көргөнүбү? Кантип Салтанат Нукенова үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөштүн символу болуп калды

Казакстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу эң чуулгандуу соттук процесс жүрүп жатат. Улуттук экономика министрлигинин мурдагы жетекчиси Куандык Бишимбаев жана анын бир тууганы Бахтыжан Байжанов соттолууда. Экс-министрге жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деген айып коюлууда, ал эми анын бир тууганы кылмышты жаап-жашырып, ал тууралуу тийиштүү органдарга маалымат жеткирбеген деп соттолуп жатат.

Соттук процесстин жүрүшүнө казакстандыктар гана эмес, башка өлкөлөрдүн тургундары, анын ичинде кыргызстандыктар да назар салып байкап турушууда. Эмне үчүн экс-министрдин иши элдин көңүлүн өзүнө ушунчалык бурдуруп жатканын жана ал эмнеси менен Кыргызстан үчүн маанилүү экенин бул макалада айтып беребиз.

Салтанат Нукенова деген ким жана эмне үчүн анын өлүмү  ушунчалык чоң резонансты жаратты?

Марттын аягында Астанада Казакстандын улуттук экономика министрлигинин экс-жетекчиси Куандык Бишимбаевдин үстүнөн соттук иш башталды. Ага жубайы Салтанат Нукенованы кыйнаган, аны мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып коюлууда.

Трагедия 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү болгон. Борбор калаадагы Bau ресторанында жубайлардын ортосунда чатак чыгып, жыйынтыгында Бишимбаев Нукенованы сабап салган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишимбаев мас абалында Нукенованын «башына бир нече жолу муштуму менен катуу урганда полго кулаган». Ушундан кийин Бишимбаев  VIP-бөлмөлөрдүн биринде Нукенованы сабаганын токтоткон эмес. Жыйынтыгында Салтанат Нукенова алган жараттардан кайтыш болгон.

Бишимбаев өзү күнөөнү моюнга албай келет. Ал Салтанат катуу мас болгондуктан өзү бир нече жолу кулап, унитазга бети менен урунган, мен болгону бетине чапканмын деп карганууда.

«Мен жанына басып келип, чачынан алып бетин төрт жолу чапканмын – эки жолу сол кол менен, эки жолу оң кол менен. Бир убакта ал кулады. Мен аны үч-төрт жолу жамбашына, санына тептим. Мен таалуу жерлерине тийбегенге аракет кылгам. Бир гана жиним келгенинен үч-төрт жолу тээп алгам», – деп айткан Бишимбаев сотто.

Салтанаттын өлүмүнө байланыштуу иш Казакстандан сырткары көп жерде да чоң кызыгууну жаратты. Казакстандын тарыхында биринчи жолу сот залынан түз эфир уюштурулуп, Youtube платформасында көрүүлөрдүн саны миллиондоп саналат.

Түз эфирлердин чаттарында ар башка өлкөлөрдүн тургундары коргоочуларга жана Салтанаттын үй-бүлөсүнө өз колдоолорун билдирип келишет:

TikTok жана Instagram коомдук тармактарында #ЗаСалтанат хештэги менен флешмобдор уюштурулуп, анын катышуучулары Салтанатка жана үй-бүлөлүк зомбулуктун башка курмандыктарына социалдык роликтерди тартып, постторду жазып колдоо сөздөрүн айтып келишет:

Үй-бүлөдөгү зомбулук — бардыгыбызга тиешелүү маселе

Салтанаттын өлүмү кыргызстандыктарды да катуу толкундатты. Коңшу жашаганыбыз үчүн гана эмес. Үй-бүлөдөгү зомбулук биздин өлкө үчүн да чоң маселе. ЖМКларда үй-бүлөлүк зомбулуктарга байланыштуу трагедиялар тууралуу кабарлар такай жарыяланып турат.

Мисалы, былтыр Бишкекте үч адамдын өлүмү коомчулукту дендирөө абалына салган. Анда 50 жаштагы Алтынай Канзаманова жана анын эки баласы: он жети жаштагы кызы жана жана сегиз жаштагы уулу өлтүрүлгөн болчу.

УКМКнын мурдагы кызматкери, Баткен округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев канкор болуп чыкты. ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, аялы бар Аширалиев менен өлтүрүлгөн аял жакын мамиледе болушкан жана алардын ортосунда уул төрөлгөн. Прокурор сотто билдиргендей, маркум бүт баарын Аширалиевдин аялына айткысы келген.

Коомчулук соттун жүрүшүнө тыкыр көз салып турду, анткени Аширалиев УКМК менен байланышы бар болгондуктан жазадан кутулуп кетет деген чочулоо болгон. Былтыр ноябрда сот Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан, ал жазасын өзгөчө режимдеги колонияда өтөмөкчү.

Дагы бир коомчулуктун үрөйүн учурган окуя былтыр сентябрда болгон, анда Чүй облусунун Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү анын кулак-мурдун кескилеп салган.

Белгилүү болгондой, Азамат Эстебесов Аселге такай зордук көрсөтүп, уруп-сабап, эки жолу зордуктаган. Зордуктоого байланыштуу Асел эки жолу милицияга кайрылган, иш сотко чейин жеткени менен Сокулук райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарып койгон. Кийин жабыр тарткан аппеляция менен Чүй облустук сотко кайрылып, Эстебесов сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Быйыл январда Сокулук райондук сот Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Эстебесов соттун чечими менен макул эмес экенин билдирген.

Миллиондогон адамдар Куандык Бишимбаевдин үстүнөн соттук процесстин жүрүшүнө назар салып турганда 3-апрелден 4-апрелге караган түнү Бишкектин «Кут» конушунда эркек мурдагы аялын бычактап салган. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдиргендей, каза болгон аялдын ысымы Рахима болгон. Ал турмушка эрте чыгып, күйөөсү катуу ичкендиктен ачырашып кеткен. Үч баласы энесиз калган.

Ошол эле күнү Ысык-Көлдө аялды балка менен башка чаап, сөөгүн ашканада он күн кармаган деген кабар жарыяланды. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, шектүү катары каза болгон аял менен чогуу жашап келгенди кармаган.

Тыянак: Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукта чоң резонансты жана нааразычылыкты жаратты. Казакстандын тарыхында биринчи жолу сот залынан түз эфир уюштурулуп, соттун жүрүшүнө дүйнөнүн бардык булуң бурчунан назар салышууда. Бул ишти кыргыз медиалары да чагылдырып келишет, анткени үй-бүлөдөгү зомбулук Кыргызстанда да көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан курч маселелерден болуп эсептелет.