“Демир Банк” жабыр тарткандарга жардам иретиндеги Түркияга акча которуулардан комиссия албайт

Банктар жардам иретинде Түркияга которулган акчалардан комиссия алып жаткандыгы жөнүндө билдирүү Facebook’та жарыяланды.

“Комбанктар Түркияга жардам жиберилип жаткан эсептерден өтө чоң проценттерди алууда. Мисалы, “Демир банк” 100$ каражаттан 31$ алып жатат”, – деп билдирген журналист Кайыргүл Урумканова.

Factсheck.kg редакциясы “Демир банк” менен байланышып, иштин чоо-жайын тактады.

PR бөлүмүнүн жетекчиси Бакай Кадыров түшүндүргөндөй, $30 – бул SWIFT-акча которуулар үчүн эң төмөнкү комиссия. Бирок банктын жетекчилиги, эгер которулуп жаткан каражаттын суммасы 5000 доллардан ашпаса жана ал жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам иретиндеги каражат болсо бул комиссияны албоо тууралуу чечим чыгарган.

“Балким ал (Кайыргүл Урумканова, ред. түш.) бул каражат жабыркагандарга жардам экенин айтпаса керек. Биз аны менен байланышып сүйлөштүк, комиссиянын суммасын толугу менен кайтарып беребиз”, – деди адис.

Кайыргүл Урумаканова өзүнүн Facebook’тагы баракчасында банктын адистери аны менен байланышканын жана комиссияны кайтарып берүүнү убадалашканын тастыктады.

Ошондой эле банктын кызматкери билдиргендей, жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам бергиси келгендер үчүн Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өзүнүн акысыз эсеби бар.

Кайрымдуулук үчүн эсептердин номурлары:

Банктын аталышы: «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК

Сом: 1181000500147821

Доллар: 1180000233837197

Евро: 1181000300027727

Элчилик акчалай жардам берүүлөрдөн сырткары Түркиянын жабыр тарткан аймактарына жиберүү үчүн керектүү буюмдарды чогултууну уюштурган. Чогултуу жайы төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Бишкек ш., Московская, көч., 89, бул дарек боюнча элчилик өзү жайгашат.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө болгон. Reuters агенттигинин жана башка булактардын маалыматы боюнча, бул өлкөлөрдө курман болгондордун саны 15 миңден ашты. Түркияда 12 миң адам каза болуп, 63 миң адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жер титирөөдөн 10 шаар жабыр тарткан: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османия, Адияман, Малатия, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис.

Тыянак: эгер которулуп жаткан каражаттын суммасы 5000 доллардан ашпаса жана ал жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам иретиндеги каражат болсо “Демир Банк” комиссия албайт.