Фейк. Жер титирөө качан болорун так айтуу мүмкүн эмес

Өткөн түнү Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда болгон бир катар жер силкинүүлөрдөн кийин кезектеги жер титирөө 3:27де күтүлөт деген маалымат коомдук тармактар менен месссенжерлерде таркатылат баштады. Жер титирөө качан боло тургандыгын мүнөтүнө чейин так айтса болобу? Аны Factcheck.kg редакциясы тактап чыкты.

Таркатылып жаткан маалыматтарда кыргызстандык ЖМКларга шилтеме кылынып экинчи жер титирөө күтүлүп жаткандыгы, 1-2 саат көчөдө калуу керектиги айтылат.

“Кыргыз ЖМКларынын маалыматы боюнча 7,4-8 (балл – кот. түш.) күтүлөт. 2-толкунда. Суранабыз, ачык жерде 1-2 саатка калыңыздар” — деп айтылат белгисиздер жазып, эң көп таркатылган маалыматта.

Жер титирөө качан болорун так айтса болобу?

Жок, окумуштуулар жер титирөөнүн убактысын жана датасын так айта алышпайт. Жер титирөө кандай жараларын, анын алдында кандай белгилер болорун так билген күндө да окумуштууларга ал качан болорун так айтуу мүмкүн эмес.

Бир гана алар, мисалы, 2023-жылда Калифорнияда жер титирөө болот деп божомолдоп айта алышат. Ал сөзсүз болот, анткени Калифорнияда күндө көптөгөн майда жер титирөөлөр болуп турат. Бирок окумуштуулар жер качан силкинерин датасына жана убактысына чейин так айта алышпайт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ) маалыматы боюнча, жер титирөөлөр акыркы он жылдыктагы табигый кырсыктардын курмандыктарынын дээрлик жарымынын себепкери болгон. Катуу жер силкинүү качан болорун так айтуу мүмкүн эместиги чоң курмандыктарга алып келүүдө. Мүмкүн болгон учурда көп адамдардын өмүрүн сактап калса болот эле. Бирок жалган дүрбөлөңдөр да өзгөчө кырдаалдарда ашыкча чыгымдарга алып келиши же же бул кырдаалдар тутумуна ишенбестикке алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде элдин келечектеги ыкчам билдирүүлөргө мамилесине жана ага карата аракеттерине доо кетириши ыктымал. Кырсыктардын болушун так божомолдоо жана анын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу – бул өтө татаал иш. Так айтуу мүмкүн эмес, бирок эскертип коюу мүмкүн

Учурдагы чоң жетишкендиктердин бири – окумуштуулар иштеп чыгып, Калифорния, Орегон, Вашингтон штаттарында орнотулган жер титирөө болоорун алдын ала айта алган USGS ShakeAlert тутуму болуп эсептелет. Бул тутум жер титирөө болгонго чейин бир нече секунда – мүнөт мурда тургундардын мобилдик түзүмдөрүнө эскертүү жибере алат.

Жер силкинүү учурунда эмне кылуу керек?

Эгер имаратта болсоңуз жана тез арада сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болсо ички (негизги) дубалдын жанына жерге жатып, башыңызды колуңуз менен жабыңыз. Бекем стол бар болсо, аны тамга жакын жылдырып анын алдына жашынса болот.

  • Эгер газ плитасы иштеп жатса, аны өчүрүү зарыл.Сизге кулашы мүмкүн шкап жана башка бийик эмеректерден алыс болуңуз. Ошондой эле айнек буюмдардан – терезелерден, күзгүлөрдөн, идиш-аяктар коюлган серванттардан алыс болгон туура. Алар кулаганда сизге залака келтириши мүмкүн.
  • Балконго такыр чыкпаңыз. Мурда айтылып келген кеңеш боюнча кашекке турбагыла – бул үйдөгү эң коопсуз жер болуп эсептелбейт.
  • Эгер көчөдө болсоңуз имараттардан алысыраак туруңуз. Ошондой эле дарактардан, зым карагайлардан, столбдордон жана кулашы мүмкүн башка нерселерден алыс болгон оң.
  • Эгер автоунаа айдап бараткан болсоңуз жол четине буруп токтоңуз. Зым карагай, жарнамалык такталар же чоң өлчөмдөгү жол белгилери сыяктуу коркунуч жаратышы мүмкүн нерселердин жанына токтобош керек.
    Көпүрөнүн үстүндө же астында, май куюучу жайларда токтобоңуз.
  • Тоолуу жерлерде таштардын кулашынан сактаныңыз. Жер силкинип бүткөнгө чейин автоунаадан чыкпаңыз.
  • Эгер тез арада чыгып кетүү мүмкүн болсо тепкичтерди, авариялык чыкмаларды колдонуңуз. Лифтти колдонгонго болбойт. Конструкциясы жабыркап, үзүлүп кетиши же шахтада тыгылып калышы мүмкүн.
  • Үйдөн чыгып кетээрдин алдында токту жана газды өчүрүңүз.
  • Бардыгы бөлмөдөн чыкканын текшериңиз. Кары адамдар менен жаш балдарга өзгөчө көнүл буруңуз. Жер силкинүү 5 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин болорун унутпаңыз. Имаратка кайтып келгенге шашылбаңыз.
  • Урандылардын алдында калсаңыз дүрбөлөңгө алдырбай карманганга аракет кылыңыз, эки жагыңызга каранып, кандай абалда экениңизди, жаратыңыз барбы-жокпу аныктаңыз. Чаң көп болот. Ооз-мурунуңузду бет аарчыңыз же кийимиңиз менен жабыңыз. Эгер жарат бар болсо, колдо бар нерсе менен кандын агышын токтотуңуз.
  • Урандылардын алдынан адамдарды куткарып алуу көп убакытты ээлеши мүмкүн, ошондуктан күчүңүздү сактаңыз.
  • Кыйкырып жардамга чакырбай, бетон плиткаларына же темир түтүктөрүнө колуңарда бар катуу буюм менен, мисалы, кирпичтин, бетондун сыныктары менен чапкылап дабыш чыгарып туруңуз. Куткаруучуларды укканыңызда гана үн чыгарып жардамга чакырыңыз. Дүрбөлөңгө алдырбаңыз. Сизди сактап калуу ыктымалдуулугу жогору экенин билиңиз.
  • Өзгөчө кырдаалга даяр болуңуз. Жер титирөө болгондо эмне кылуу керектигин үйдөгүлөр же кесиптештер менен сүйлөшүп алыңыздар. Мектептерде имараттардан эвакуация кылуу боюнча сабактар өтүп турат. Ушундай эле окутууларды үйүңөрдө же иштеген жериңерде өткөрүңүздөр. Ар бир үй-бүлөдө атайын чемоданчиктин болушу эң сонун. Анда дары-дермектердин, тамак-аштын жана суунун бир аз кору болуп, аларды өзгөчө кырдаалда өзүңүз менен алып кеткенге ыңгайлуу болот. Маанилүү документтер жана телефонуңуз кол жеткен жерде болушу керек..
  • Үйүңүздө коркунуч жаратышы мүмкүн болгон буюмдарга көңүл буруңуз. Жер титиреген учурда кулап кетиши мүмкүн эмеректерди жана буюмдарды бекитиңиз. Үйүңүздүн жер титирөөгө туруштук бере турганына байкоо жүргүзүңүз. Эгер сиз жашаган көп батирлүү үйдө кайра пландаштыруу болгон болсо, анда ал жер титирөөгө туруштук бере албашы ыктымал. Сел көп жүргөн аймактарда жер титирөө селдин жүрүшүнө себепкер болушу мүмкүн.

Тыянак: чындыкка жатпайт. Же титирөө качан болоорун мүнөтүнө чейин так айтуу мүмкүн эмес. Өмүргө коркунуч жаралган ушуга окшош кырдаалдарда болуп жатканга акыл калчап мамиле кылып, дүрбөлөңгө алдырбай, кырдаалды андан да катуу курчутуп ийиши мүмкүн такталбаган маалыматтар менен бөлүшпөгөнгө аракет кылыңыз.

Ушуга окшош дагы болушу мүмкүн жер титирөө тууралуу маалыматтар Түркиядагы катуу жер силкинүүдөн кийин дагы таратылган болгонун белгилеп кеткибиз келет.