Фоточек: Нарын облусундагы түсү өзгөчө жылкы
Serep Media маалыматтык агенттиги үйүрдөгү башка жылкылардан өзүнүн өңү-түсү жана терисиндеги темгилдери менен кескин айырмаланып турган жылкынын сүрөтүн жарыялаган. Макалада бул аппалуза породасындагы жылкы экени жана сүрөт Соң-Көлгө жакын жерде тартылганы айтылат.
Factcheck.kg редакциясы сүрөттүн аныктыгын жана андагы жылкы аппалуза породасына таандык экенин аныктады.
Serep Media’нын материалында сүрөттүн автору блогер-саякатчы Азамат Сулайманов экени көрсөтүлгөн. Чынында, блогердин Инстаграмдагы баракчасынан бул жылкы тартылган видеону көрсө болот.
Бул аппалуза породасындагы жылкынын биринчи сүрөтү эмес. Мекени Түндүк Америка деп эсептелген аппалуза породасындагы чаар жылкылар Кыргызстанда мурда эле байкалган болчу.
2008-жылы британ журналисти, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы жылкы багуучу Мунарбек Кулдунбаев жана Жаңы Зеландияда жашаган жылкы багуучу Скотт Ингстром аппалузаны Нарын облусунан табышкан. Бул жылкыга издөө салууга башка чет элдик журналисттин Кыргызстандын түштүгүндө тарткан даректүү тасмасы себепчи болгон – андагы кадрлардын бирине чаар ат тартылып калган.
Аппалузанын өзгөчө белгилери. Темгилдери ар башка формада, түстө жана өлчөмдө, ар бир жылкы бири бирине окшобойт. Өтө чыдамкай, дене түзүлүшу бекем, катаал шарттарды жеңил көтөрөт. Көп учурда жалы жана куйругу кичинекей болуп, ар башка түстөрдө болушу мүмкүн.
Тыянак: чындык. Сүрөт чын, аппалуза породасындагы жылкылар Нарын облусунда кездешет.