Бүгүн түнү мэрдин ысымы анын компанияларынын документтеринен алынып салынды

Бүгүн, 10-мартта түнкү саат үчтө Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыровдун ысымы ага таандык делген компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн катарынан алынып салынды. Ал негиздеген компаниянын өкүлү Faсtcheck.kg редакциясын такталбаган маалыматты таратты деп айыптады.  

Эске салсак, кечөө, 9-мартта Factcheck.kg сайтында “Жаңы мэрдин компаниясы карылар үйүнүн аймагына курулуш иштерин жүргүзүүдө” аталыштагы макала жарыяланган.

Анда калаа башчынын бизнеси жана “Нур Строй Монтаж” ири курулуш компаниясы тууралуу кеп болгон. Аталган компания буга чейин Бишкекте комфорт классындагы үч көп кабаттуу үй куруп, учурда дагы бизнесс-класстагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин жүргүзүүдө. Алардын бири  – “Кремлевский” комплекси Абай көчөсүндөгү карылар үйүнүн аймагында курулууда.

Бүгүн Factcheck.kg редакциясына өзүн “Нур Строй Монтаж” компаниясынын өкүлү деп тааныштырган жаран кат менен кайрылып, биздин редакцияны компания тууралуу такталбаган маалыматты жарыялады деп айыптады. Катта мэр Эмилбек Абдыкадыров “компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыккандыгы жана ага тиешелүү үлүш ишеним башкарууга өткөрүлүп берилгендиги” тууралуу айтылат.

 

Редакциянын WhatsApp номерине өзүн “Нур Строй Монтаждын” өкүлү деп тааныштырган жарандан келген сүрөт. Кат электрондук дарекке келе элек.

Бирок бизге жөнөтүлгөн катта кайсы приказдын негизинде башкаруу өткөрүлүп берилгендиги, приказдын номуру, мэрдин үлүшүнүн өлчөмү жана компания кимге өткөрүлүп берилгендиги тууралуу маалымат жок. Биз бул маалыматты каттын ээсинен талап кылганыбызда, ал силерге бир дагы маалымат жөнөтүүгө милдеттүү эмесмин” жеп жооп берди.

Түнү менен өзгөртүлгөн маалымат

Бүгүн түнкү саат үчтө Юстиция министрлигинин сайтында “Нур Строй Монтаж” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү тууралуу маалымат өзгөртүлгөн. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин, “Ачык бюджет” порталынын жана Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматын жыйнап, ачыктаган osoo.kg сайты маалымдайт.

Бүгүнкү күнгө чейин “Нур Строй Монтаж” компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн жаңы мэр Эмилбек Абдыкадыровдун ысымы анын уулу Улан Абдыкадыровдун ысымы менен алмаштырылган. Ал эми негиздөөчүлөрдүн катарында жалгыз Айжан Осмонкулованын ысымы турат. Өздүк булактар Айжан Осмонкулова мэрдин жубайы экенин кабарлады.

Бирок түнү менен бир гана “Нур Строй Монтаждын” документтери өзгөртүлгөн эмес. Бүгүн саат 8 де Абдыкадыров “Алма” чарбасынын директору “кызматын өткөрүп берип, негиздөөчүлөрдүн катарын гана толуктап калды. Бирок Юстиция министрлигинин базасында компаниянын кайра каттоодон өткөнү тууралуу маалымат киргизилген эмес, жөн гана ысым алмаштырылган.

 

 

 

osoo.kg сайтынан алынды

Мындан улам, юристтерди буга юридикалык баа берүүсүн өтүнөр элек.

“ЭлитТауэрс”компаниясынын документинде өзгөртүүлөр эртең мененки саат алтыда киргизилген.

 

osoo.kg сайтынан алынды

Таңкы беш жарымда Абдыкадыров кыргыз-кытайлык “Сары-Таш” ЖЧКсына ээлик кылбай калган. Белгилей кетсек, мэрдин бизнеси тууралуу ал кызматка келген күнү эле Kaktus.media жана  Акчабар аттуу ЖМКлар жазып чыккан. ЖМКларда ал  “Нур Строй Монтаж” жана башка компанияларда директор жана негиздөөчү катары айтылат.

 

 

 

Мэр эмне дейт?

Factcheck.kg редакциясы жогорудагы фактылар тууралуу комментарий алуу максатында мэрге кайрылды.

Эмилбек Абдыкадыров бир нече компанияга буга чейин ээлик кылып келгенин жашырган жок. Ал мэрлик кызматты аркалаган соң, бизнесин өткөрүп берүү тапшырмасын юристтерине дайындаганын белгиледи:

“Менин юристтерим Юстиция министрлигине тиешелүү документтерди тапшырды. Алар кайсы убакта алмаштырганын билбейм. Министрлик эмне түнкү үчтө иштейт бекен?! – деп жооп берди ал.

Белгилей кетсек, Абдыкадыровдун дагы бир уулу УКМКда иштерин эки өздүк булагыбыз маалымдады.