Дары-дармекке жумшалган миллиарддар кимдин капчыгына түшкөн? Текшеребиз

Сүрөт: Азаттык

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айыл өкмөтүнөн тарта президенттик аппаратка чейин күн сайын жүздөгөн тендерлерди жайгаштырып турушат. Чиновниктердин калем сабынан тарта кызматтык унаасына чейин сатып алганы ачык болуп, мамлекеттик сатып алуулар сайты аркылуу жүргүзүлүшү шарт. Бийлик өкүлдөрү мурунку айда эле 26 миң ар түрдүү лотторду сатып алуу боюнча тендерлерди жарыялаган

Factcheck.kg чиновниктер кайсы товарды көбүрөөк сатып аларын жана кайсы компаниялар конкурстарды байма-бай утуп, бюджеттен канча каражат алганы тууралуу маалыматты текшерип көрдү. 

Маалыматты кантип текшердик? 

Жогорудагы маалыматты чогултууда osoo.kg, Финансы министрлигине караштуу “Ачык бюджет” жана OCDS сайттарында жайгаштырылган маалыматты териштирдик. Биз аталган сайттардан 2019-жылдан 2022-жылга чейин тендерлерди жеңген компаниялар бюджеттен канча каражат алганын жана канча салык төлөгөнүн карап чыктык.  2019-жылдан 2022-жылга чейинки маалыматты алганыбыздын себеби, ушул жылдары маалымат кененирээк чыккан, ал эми бул жылдарга чейинки билдирүүлөр толук кандуу жарыяланган эмес. 

Мамлекет көбүн эсе эмне сатып алат?

2019-жылдан тарта кыргыз бийлиги бюджеттин 127 млрд сомун мамлекеттик сатып алууларга жумшаган. Акыркы үч жылда сарпталган каражаттын үчтөн бир бөлүгү дары-дармек сатып алууга керектелген. Экинчи орунга “башкалар” аттуу категория чыккан, аларга мамлкекет сатып алуулардын 20%ын жумшалган. Анда өткөн жылы Республикалык иммунопрофилактика борбору блогердин кызматтарын сатып алгандай кызмат болушу ыктымал, же кеңсе товарлары жана сатып алуулардын негизги багыттарына кирбеген көптөгөн башка нерселер болушу мүмкүн. 

Ал эми үчүнчү орунда азык-түлүк товарлары, аларга чиновниктер бардык сатып алуулардын 8.2%ын жумшаган. Мындан тышкары, компьютердик жабдуулар менен курулуш материалдарына болжол менен 6.5-7% каражат сарпталган. 

 

Бардыгы болуп 14 миң компания мамлекетти керектүү товарлар жана кызматтар менен камсыз кылат. Биз жогоруда белгилегендей, көбүнчө бийлик органдары дары-дармектерди же медициналык жабдууларды сатып алышат. Мамлекет менен эң көп келишим түзгөн фармацевтикалык компаниялардын тизмеги төмөнкүдөй: 

Ар бир компанияга кененирээк токтолсок. 

“Фарвартер” ЖЧКсы

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эң көп суммадагы товарларын саткан  “Фарвартер” ЖЧКсы  Турдубаев Жантөрө Таировичке таандык. Аталган компания медикаменттерди, фармацевтикалык препараттарды жана материалдарды өндүрүү менен алектенет жана анын түптөлгөнүнө 22 жылдын жүзү болду.  

"Ачык бюджет" сайтынын маалыматына ылайык, компания 2015-жылдан тарта салык төлөп келет. Белгилей кетсек, компания дал ушул жылы мамлекеттик тендерлерди ута баштаган. ал эми андан мурдагы убакта анын төлөгөн салыктары тууралуу маалымат жок.  Компаниянын мамлекеттен алган эң көп каражаты 2020-жылга туш келет. Пандемия учурунда компания жалпы жонунан 616 млн сомдук тендерлерди жеңген.

 “ПолитКлиника”сайтынын маалыматына ылайык, “Фарвартер” ЖЧКсы 2020-жылы жеке коргонуу каражаттарын өз баасынан кымбат баада  – бир даанасын 6 миң сомдон саткан.  

Акыркы үч жылдан бери (2019-жылдан 2022-жылга чейин) компания мамлекеттик мекемелер менен бир этаптуу жана түз сатып алуу ыкмасы менен гана келишим түзүп келет. Бул убакта түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашкан. Ал эми компания бюджетке төлөгөн салыктын өлчөмү 115 миллион сомду түзгөн. 

 "UniHelp" ЖЧсы

Мамлекеттик тендерлерди ийгиликтүү жеңүү жагынан "UniHelp" ЖЧКсы экинчи орунду ээлейт. Аталган компания фармацевтикалык каражаттарды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, ЖЧКны Герасименко Константин Петрович жана Буеверова Ольга Борисовна негиздеген.

 2019-жылдан тарта  "UniHelp" ЖЧКсы жалпы жонунан 695 млн сомдук тендерлерди уткан. Көбүн эсе компания Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы, Бишкек травматология илим изилдөө борбору жана Нарын облустук ооруканасы жарыялаган тендерлерди утуп келет. 

ЮРФА

“Юнит Реактив Фарма” ЖЧКсы (ЮРФА) дагы мамлекеттик тендерлерди жеңип алуу жагынан алдыда. Аталган компания 2019-жылдан тарта мамлекет менен 2 миңден ашуун келишим түзгөнгө жетишип, 653 млн сомдук товар жеткирген. ЖЧКнын негиздөөчүсү Кимсанов Алмаз Аманбаевич дагы башка  "НОРД-БРИЗ" жана "Агрофирма "Кок-Арт" компанияларынын директору жана негиздөөчүсү экени белгилүү. Финансы министрлигине караштуу "Ачык бюджет" порталынын маалыматына ылайык, эки компания тең салык төлөбөйт.

“Мээр-Чоп” ЖЧКсы

“Мээр-Чоп” аттуу өзгөндүк компания 2019-жылдан тарта мамлекеттен 454 млн сомдук тендерлерди сатып алууга жана жалпы жонунан бюджетке 29 млн сом салык төлөөгө жетишкен. Компанияга 28 дарыкана пункттары жана бир дарыканда кампасы таандык.

ЖЧКнын ээси Калык Жээналиев 2013-жылы шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан мүчө болгону белгилүү. Жээналиев тууралуу мындан башка ачык булактарда маалымат табылган жок.  

“Дайра-Фарм”ЖЧКсы

 “Дайра-Фарм” ЖЧКсы 2019-жылдан бери бюджеттен 413 млн сом каражат алган. Анын ичинен 2020-жылы 154 млн сом, ал эми 2021-жылы 138 млн сом алган. Негиздөөчүлөрдүн катарында Жумашев Урмат Токторбекович жана "ТОРГОВО-ВЫСТАВОЧНЫЙ ЦЕНТР "СТРОЙМАРКЕТ" ЖЧКсын көрсө болот. Аталган компанияга Жапаров Сагынбек Макишович ээлик кылат. Белгилей кетсек, буга чейин "СТРОЙМАРКЕТ" ЖЧКсынын  мурдагы эл өкүлү Осмонбек Артыкбаев менен байланышы бар экени айтылган. 

Ал эми Сагынбек Жапаров 2020-жылы “АК” партиясын жетектегени маалым. 

 “Эляй”ЖЧКсы

“Эляй жалпы жонунан 398 млн сомдук тендерлерди уткан. Анын негиздөөчүсү Нурбек Акжолтоев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин жакын тууганы экени белгилүү. Мындан тышкары, Акжолтоевдин компаниясы сасык тумоону жана башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды дарылоо жана алдын алуу үчүн антивирустук "Арбидол" препаратынын эксклюзивдүү жеткирүүчүсү болуп саналат.

"Бимед-Фарм" ЖЧКсы

“Бимед Фарм” компаниясына мурдагы премьер-министр Өмурбек Бабановдун эжеси Кынабу Бабанова ээлик кылат. Белгилей кетсек, аталган компаниянын эки идентификациялык номери бар. Экинчи номер «БИМЕД Фарм» ЖЧКсынын Оштогу өкүлчүлүгүнө катталган. 2019-жылдан бери компания утуп алган тендерлердин жалпы суммасы 181 млн сомду түзгөн. Алардын ичинен эң ири сумманы - 74 млн сомду компания 2021-жылы утуп алган.