WhatsApp’ты бузуп кирүүдөн кантип коргосо болот жана болбой эле аккаунтту бузуп киришсе эмне кылуу зарыл. Коопсуздук боюнча кеңештер

Быйыл декабрда жана былтыр январда окурмандарыбыз Factcheck.kg редакциясына чалып, WhatsApp мессенжериндеги аккаунттарына бузуп кирүү аракеттери болгонун, айрым учурда ага ээ болбой калгандарын билдиришкен.

Редакциянын журналисттери кеңеш сурап санариптик коопсуздук боюнча адистерге, киберкоопсуздук боюнча атайын сайттарга кайрылып, WhatsApp тиркемесин иштеп чыккан Meta компаниясынын кеңештери менен таанышып чыгышты.

Аккаунттун коопсуздугун кантип камсыздаса болот

WhatsApp аккаунтуңуздун коопсуздугун камсыздаш үчүн төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз.

  • Эки кадамдык текшерүүнү иштетип, жеке электрондук почтаңарды көрсөтүңүз – бул PIN-кодуңарды унутуп калган учурда аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтиргенге жардам берет.
  • Телефонуңуздагы үн почтаңар үчүн татаал сырсөздү ойлоп чыгарыңыз, ошондо ага эч ким бузуп кире албайт.
  • Тиркемеге байланган түзүмдөрдү такай текшерип туруңуз. WhatsApp аккаунтуңузга байланган башка бардык түзүмдөрдү көрүш үчүн «Жөндөөлөр» («Настройка») → «Байланган жабдыктар» («Связанные устройства») боюнча өтүңүз. Кайсы бир байланган түзүмдү өчүрүш үчүн аны белгилеп «Чыгуу» («Выход») дегенди басыңыз.
  • Түзүмдүн кодун аныктагыла.
  • Эч бир убакта каттоо коду жана эки кадамдык текшерүүнүн PIN-коду менен башка бир адам менен бөлүшпөңүз.
  • Телефонуңузду башка бирөөгө берип жатып этият болуңуз. Ал сизге айтпай WhatsApp аккаунтуңуз менен колдонуп коюшу мүмкүн.

Көңүл буруңуз! Эгер сиздин почтаңызга эки кадамдык текшерүүнүн PIN-кодун же каттоо кодун жокко чыгаруу тууралуу кат келсе, бирок сиз бул жокко чыгарууну суранбасаңыз, каттагы шилтемени эч бир убакта баспаңыз. Башка бирөө WhatsApp’тагы телефон номуруңузга ээлик кылганга аракет кылып жатышы ыктымал.

Бул кеңештер менен туугандарыңыз жана досторунуз арасында бөлүшүңүз, алардын да WhatsApp аккаунттары тийиштүү деңгээлде корголгон болсун.

WhatsApp’тын эки кадамдык текшерүүсү

Сиздин аккаунт башында эле ага байланыштырылган телефон номуруна келип түшө турган WhatsApp’тын тастыктоо коду менен корголгон. Бирок смартфонуңуз же SIM-картаңыз шылуундун колуна түшүп калса сиздин бардык жеке маалыматтарыңыз ага жеткиликтүү болуп калат. Аны болтурбаш үчүн эки кадамдык текшерүүнү (же эки фактордукту) иштетүү зарыл. Ошондо тиркеме номурду тастыктоодон сырткары сиз гана билген санариптик кодду дагы сурайт. Аны кантип кылса болот?

WhatsApp’тын жөндөөлөрүн ачыңыз. «Аккаунт» бөлүмүнө, андан кийин «Эки кадамдык текшерүү» («Двухшаговая проверка») бөлүмүнө өтүңүз. «Иштетүү» («Включить») дегенди басыңыз. PIN-кодду ойлоп чыгарыңыз. Сырсөздү унутуп калсаңыз аккаунтка кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк алыш үчүн жеке электрондук почтаңызды жазып койсоңуз болот.

Кошумча код менен сиздин аккаунттуңузга эми  номур боюнча эч ким бузуп кире албайт.

Аккаунтка ар бир кирүү  же тиркемени колдонуу учурунда WhatsApp’тын PIN-кодун киргизип туруу керек болот. Бул сырсөздү жаттап алганга жакшы мүмкүнчүлүк. Бирок да мурдагыга салыштырмалуу ашыкча кадамдарды жасоого туура келгендиктен айрым ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Ошол эле кезде WhatsApp’тын коопсуздугунан эми кам санабасаңыз болот.

WhatsApp’ка сырсөздү кантип койсо болот

Мессенжердин өзүндө ага кирүүнү коргогон функция бар, аны колдонуп WhatsApp’ка манжа изин койсо болот. Тиркеменин жөндөөлөрүндө «Купуялуулук» («Конфиденциальность») бөлүмүнө өтүңүз. «Манжа изи менен блоккоо коюу» («Блокировка отпечатком пальца») дегенди ачыңыз. «Жардамы менен блоктон чыгаруу» («Разблокировать с помощью») которгучун иштетиңиз. Манжаңарды телефонуңуздун сканерине коюңуз. Чоочун адам WhatsApp’ка кирбей эле билдирүү жиберген адамдын аты-жөнүн жана билдирүүнүн текстин көрбөшү үчүн «Мазмунун көрсөтүү» («Показывать содержимое») деген функцияны өчүрүп коюңуз.

Бул жерде белгилей кете турган нерсе, WhatsApp өзү манжа изи боюнча коргоону гана караштырат. WhatsApp’ка сырсөз коюш үчүн смартфондун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керек болот. Анын жөндөөлөрүн ачыңыз. «Тиркемелерди коргоо» («Защита приложений») деген бөлүмгө өтүңүз. «Иштетүү» («Включить») дегенди басыңыз.

Манжа изи менен кошо колдонула турган коргоонун түрүн (сырсөз, санариптик код же графикалык ачкыч) тандаңыз.

WhatsApp үчүн коргоону иштетиңиз.

Кошумча коргоо жөндөөлөрүндө манжа изин өчүрүп, сырсөдү гана калтырып койсо болот.

WhatsApp’тагы билдирүүлөрдүн резервдик көчүрмөлөрүн коргоо

Шылуун WhatsApp аккаунтка бузуп кирбей эле андагы билдирүүлөрдү окуй алышы мүмкүн. Ал сиздин Google-аккаунтуңузга кире алса, чаттардын резервдик копияларын таба алат. Аларды коргоонун эки жолу бар. Биринчиси – WhatsApp’тагы байланышты толук шифрлөө.

Тилекке каршы мындай шифрлөө учурунда мессенжердин жана Google’дун администрациялары гана билдирүүлөрдүн мазмуну менен тааныша алышпайт. Ал эми сиздин WhatsApp аккаунтуңузга кире алгандар билдирүүлөрдү окуй алышат. Ошондуктан булутта бэкапты сактабоо эң туура жол болуп эсептелет. Резервдик көчүрмөсүз эле WhatsApp чаттарды бир андроид түзүмдөн башка андроид түзүмгө которуп алса болот. Бир гана телефонуңар сиздин колуңузда болушу керек.

Бэкап кылбаш үчүн, биринчи кезекте, WhatsApp чаттарын резервдөө жөндөөлөрүндө «көчүрмөнү Google Дискте сактоо» («Копировать в Google Диск») функциясын өчүрүү керек. Андан кийин файлдын өзүн өчүрөбүз.

Drive.google.com барагын компьютерде же анын компьютер үчүн түрүн смартфондо ачыңыз. WhatsApp байланыштырылган Google аккаунтка кириңиз. «Кампа» («Хранилище») бөлүмүнө өтүңүз. «Резервдик көчүрмөлөр» («Резервные копии») дегенди басыңыз. Бэкапты өчүрүңүз.

WhatsApp’тын купуялуулугун жөндөө

Акыры, бардыгына ачык чаттарда же белгисиз бир адамдар менен кат алышсаңыз сиз тууралуу айрым маалыматтарды катып койгон ашык болбос. Аны үчүн WhatsApp’тын жөндөөлөрүндөгү «Купуялуулук» («Конфиденциальность») бөлүмүнө өтөбүз.

Аны менен шашпай таанышып чыгыңыз. Бул жерде белгисиз адамдарга аватардын жана статустун көрсөтүлүшүн чектесе болот. Ошондой эле WhatsApp’та жок болуп кетүүчү билдирүүлөрдү иштетиңиз.

WhatsApp’тагы жабык чаттар

2023-жылы WhatsApp’та чатты катуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, б.а. башкалар андагы билдирүүлөрдү көрө алышпайт. Аны мындай жол менен иштетсе болот.

Кайсы бир адам менен кат алышууну каткыңыз келсе, анын профилин ачыңыз. «Чатты жабуу» («Закрытие чата») бөлүмүнө өтүңүз. Манжа изи менен жабууну тастыктаңыз.

Ким менен эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыңызды эч ким билбей калат

Эми бул адам менен кат алмашуу WhatsApp’тагы өзүнчө баракта көрсөтүлөт. Аны ачыш үчүн сканерге манжаны коюу же мурда киргизилген блоктон чыгаруу кодун киргизүү керек болот.

Уурдалган аккаунттар

Дагы бир жолу эскертебиз: SMS аркылуу сизге жиберилген WhatsApp үчүн тастыктоо кодун эч кимге эч качан бербеңиз, ал эмес досторуңуздарга же туугандарыңыздарга.

Эгер бирөө алдамчылык жол менен кодуңузду алса жана сиз өз аккаунтуңузга кире албай калсаңыз, ага ээликти кайтарып алыш үчүн төмөнкү нускама менен таанышып чыгыңыз.

Эгерде сиздин аккаунтуңузду башка бирөө колдонуп жатканы боюнча шек жаралса бул тууралуу досторуңарды, туугандарынарды кабардар кылыңыз, анткени бул адам чаттарда сиздин атыңыздан билдирүүлөрдү таратышы мүмкүн. WhatsApp байланышты толук шифрлөө менен корголгонуна жана билдирүүлөр сиздин гана түзүмдө сакталарына көңүл буруңуз. Мындайда башка адам башка түзүмдөн сиздин аккаунтуңузга киргени менен кат алышуулардын таржымалы менен тааныша албайт.

Аккаунттуңузду кантип калыбына келтирсе болот

Телефонуңуздун номурун колдонуп WhatsApp’ка кириңиз жана  Android, iPhone платформаларындагы SMS аркылуу келген 6 белгиден турган кодду киргизип аны тастыктаңыз.

Бул 6 белгиден турган кодду киргизгениңизде ага чейин сиздин аккаунтуңузду колдонуп жаткан адам аккаунтуңузду колдоно албай калат.

Сизден эки кадамдык текшерүүнүн PIN-кодун киргизүү талап кылынышы мүмкүн. Эгер бул кодду сиз билбесеңиз, эки кадамдык текшерүү функциясын сиздин аккаунтту колдонуп жаткан адам иштеткен болушу ыктымал. Мындайда эки кадамдык текшерүүсүз аккаунтуңузга кириш үчүн жети күн күтүү туура келет. Эки кадамдык текшерүүнүн PIN-кодун сиз билгениңизге-билбегениңизге карабай SMS аркылуу келген 6 белгиден турган кодду киргизгениңизде башка колдонуучу сиздин аккаунтуңуз менен колдоно албай калат. Айрым учурларда WhatsApp сиздин телефон номуруңузду автоматтык түрдө тастыктай алат. Кененирээк.

Белгилей кетүүчү жагдай. Эгерде сиздин аккаунтуңузду башка бирөө WhatsApp Web же компьютер үчүн WhatsApp аркылуу колдонуп жатканы боюнча шек жаралса телефонуңузду колдонуп аккаунттан бардык компьютерлерден чыгууну сунуштайбыз.

Эгерде кайсы бир адам сиздин телефон номуруңузду колдонуп аккаунт ачкысы келсе WhatsApp аккаунтуңузду коргош үчүн сизге бул тууралуу билдирүү жиберет.

Биздин кеңештер WhatsApp аккаунтуңуздун коопсуздугун камсыздоого же ага кайра ээ болууга сизге пайдалуу болду деген үмүттөбүз.