Ѳлкөнүн карызы тууралуу маалымат бурмаландыбы?

Factchek.kg редакциясы «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиевдин билдирүүсүн берүүдө мүчүлүштүк кетиргендиги үчүн кечирим сурайт.

 

Коомдук Биринчи каналдын түз эфиринде Жогорку Кеңешке аттанган саясий партиялардын дебаты уланууда.

«Биримдик» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу кеп кылышты.

 «Ата Мекен» партиясынын өкүлү  Тилек Токтогазиев өлкөнүн тышкы карызы 4.6 млрд долларды түзүп, ИДПнын 60%ынан жогору болгонун айтып өттү.

«Биримдик» саясий партиясынан депутаттыкка аттанган Акылбек Жамангулов тышкы карыз 4 миллиард доллар түзөрүн айтып, ал ИДПнын 40%ын түзөрүн айткан.

Ал эми «Замандаш» партиясынан депутаттыкка аттанган Жакшылык Матанов Кыргызстандын ички карызынын тышкы карызга болгон катышы 30% – 70% экенин айтты.

Factchek.kg  бул маалыматты текшерип көрдү.  

Каржы министрлигинин  маалыматыны ылайык,  коронавирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан кризистен улам Кыргыстандын тышкы карызы өткөн жылдын аягынан бери 10,7% га көбөйуп, ИДПнын  56,2%ын түздү. 31-июлга карата бул цифралар 4 169 600 000 АКШ долларын тузду.

«Ачык бюджет» сайтынын  маалыматына ылайык, өлкөнүн  тышкы карызы 86%, ал эми ички карыз 14% тузгөн.

 Жыйынтык: Бардык талапкерлер  өз билдирүүлөрүндө туура эмес цифраларды келтиришти.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев  карызды 350 млн. доллларга көбөйтүп, карыздын ИДПга карата катышынын жалпыланган сандарын келтирди.

«Биримдик» жана «Замандаш» партияларынын  талапкерлери Акылбек Жамангулов менен Жакшылык Матанов да тышкы карыз боюнча жалпыланган,так эмес маалыматты айтып өткөн.