Кочкоровдун тушунда министирликке болгон ишеним жогоруладыбы?

14-сентябрда ЭЛТРде саясий партиялардын ортосунда алгачкы дебаттар болуп өттү. Студияга «Мекен  Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү Ибрагим Жунусов жана «Биримдик» партиясынан Улукбек Кочкоров чакырылды.

Дебаттын жүрүшүндө  «Биримдик» партиясынын  өкүлү  Улукбек Кочкоров министр кызматын аркалагандан тарта элдин Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигине болгон ишеними артканын белгилеген.  Тагыраагы, министрликке болгон ишеним индекси 17%га жогорулаганын айтып өткөн. 

Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн бышыктады. 

Алгач Кочкоровдун министрлик кызматты аркалаган мезгилин тактайбыз. Өкмөткө таандык Gov.kg сайтынын маалыматына ылайык, ал 2018-жылдын 26-октябрында министр болуп дайындалган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 24-августунда  парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу  кызматын таштаган. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, министрликке болгон элдин ишеними 2018-жылдын 2-жарымында эң төмөн көрсөткүчкө ээ болгон. Дал ошол мезгилде Кочкоров министрлик кызматка келген. Ал эми 2020-жылдын биринчи жарымында ишеним индекси чын эле көтөрүлгөнүн көрсө болот.   

Эске салсак, 2018-жылдын  сентябрь айында Эмгек  жана  социалдык өнүгүү  министри Таалайгүл Исакунова кызматтык сапараларына байланыштуу чыр менен иш ордунан бошогон. Андан соң, Исакунованын эки орун басары Лунара Мамытова менен Жылдыз  Полотова  кызматтан алынган. Буга  чейин министрдин дагы бир орун басары  Зууракан  Каденова Сеулдагы окуяга байланыштуу  кызматынан бошотулган эле. Дал ушул окуялар элдин министрликке болгон ишеними түшүп кеткенине себепкер болгон. 

Жыйынтык: жартылай чындык. Улукбек Кочкоровдун тушунда элдин министрликке болгон ишеними чын эле  жогорулаган. Бирок ал көрсөткүч 17%ды эмес, 11%ды түзгөн.