Украинада туткунга түшкөн орус аскери Кыргызстандан экени чын. Фактчек

7-мартта Украинадагы согуш учурунда туткунга түштү делген Телегин Анатолий Валерьевич аттуу орус аскеринин видеосу «Ищи своих» Telegram-каналында жарыяланган. Тасмадагы жоокер Ош шаарынан болорун, учурда Татарстан республикасынын Альметьевск шаарында жашарын айткан. 

Аталган канал орус-украин согушу башталган дээрлик 20 күндөн бери Украинада каза болгон жана туткунга түшкөн орус аскерлери тууралуу маалыматтарды байма-бай чыгарууда.

«Т-Медиа» Анатолий Телегин тууралуу маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү.

«Однаклассники» жана «ВКонтакте» социалдык тармактарынан Анатолий Телегин аттуу бир канча жаранды көрүүгө болот.

«Ищи своих» Telegram-каналындагы аскер кызматкери менен соцтармактагы Анатолий Телегин деген аккаунттагы сүрөттөрдү салыштырып көрүп, бир канча окшоштуктар бар экенине ынанабыз.

Tizme.gov.kg маалыматына ылайык, Ош шаарында Телегин Анатолий Валерьевич аттуу бир гана жаран катталган.

Шайлоо участогунда Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы №16 орто мектеп көрсөтүлгөн. Демек, Телегин ошол аймакта жашап, ушул билим мекемесинде окуп кеткен болушу мүмкүн. Биздин редакция аталган мектепке барып, мектеп директору Айжаркын Кадырова менен баарлашты. Ал Анатолий Телегин аттуу орус улутундагы бала дал ушул мектепте окуп кеткенин ырастады.

«Силердин сурооңор боюнча окуучулардын архивин көтөрдүк. Анда 1997-жылы 9-июнда төрөлгөн орус улутундагы Телегин Анатолий Валерьевич деген бала биздин мектепте окуган экен. Бирок 2013-жылы 9-кластты бүтүп кеткен. 10, 11-класстарда бизде окубаптыр. Азыр каякта жашайт, кимдер менен экени тууралуу маалымат жок», — деп жооп берди ал.

Аталган мектепте 17 жылдан бери иштеген Аваз Жасиров аттуу мугалим Телегиндин сүрөтүн көрүп, дароо тааныды жана анын 2009-2013-жылдары окуп кеткенин, ошондой эле өзү учурунда Телегиндин класс жетекчиси болгонун кабарлады.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматынын купуялыгы сакталарын айтат. Мекеменин басма сөз катчысы Дамира Азимбаеванын «Т-Медиага» билдиргенине караганда, тийиштүү маалыматтар тийиштүү органдарга гана берилет.

«Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде биз жарандар боюнча эч кандай маалымат бере албайбыз. Аталган видео чет өлкөдө болуп жатккандыктан, расмий түрүндө балким, укук коргоо органдары же Тышкы иштер министрлиги тарабынан кат жөнөтүлүшү керек»

Жыйынтык: 

Украинада туткунга түшкөн Телегин Анатолий Валерьевич аттуу орус аскери Кыргызстандан экени чын. Ал Ош шаарындагы №16 орто мектепте 2009-2013-жылдары окуп кеткен.