Эгерде Соцфонддо кайра каттоодон өтпөсө пенсия берилбей калабы? Фейк

Коомдук тармактарда жана мессенджерлерде пенсионерлер Соцфонддо кайра каттодон өтүшү керек, болбосо январдан баштап пенсия берилбей калат деген маалымат таркатылууда. Kaktus.media журналисттерине Соцфонддо билдиришкендей, бул маалымат фейк болуп эсептелет. 

Соцфонд түшүндүргөндөй, айрым пенсионерлердин пенсиялары банктык карталарына которулат, аны үчүн алар коммерциялык банктардын бири менен келишим түзүшөт. 

“Келишимде көрсөтүлгөндөй, пенсионерлер ар бир жарым жылда пенсияларын белгилүү бир банк аркылуу алып жаткандарын Соцфондго билдирип туруусу керек. Ар кандай нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, алар бир жакка кетип калышы ыктымал. Же болбосо, адам бул дүйнөдөн өтүп кеткенде анын пенсияларын бир нече ай башка адамдар алып жүргөн учурлар болгон. Ушундай учурлардан сактаныш үчүн банк пенсионерлерден эч нерсе өзгөрбөгөнүн, алар мурдагыдай эле белгилүү бир банк аркылуу пенсияларын алып жатканын Соцфондго билдирип туруусун өтүнөт. Адатынча пенсионерлер бул тууралуу билишет жана өзүлөрү келип турушат. Пенсияларды берүүнү токтотуу каралган эмес. Пенсионерлер өз акчаларын ала беришмекчи”, – деп билдиришкен Соцфонддо Kaktus.media сайтына.