Tiktok АКШдан кетип жатабы? Текшеребиз

13-мартта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы TikTok медиаплатформасы Кошмо Штаттардын аймагындагы тиркемелер дүкөнүнөн алып салынышына мүмкүндүк берген мыйзам долбоорду жактырды. Ага ылайык, TikTok’тун ээси – ByteDance кытай компаниясына – платформасын сатканга алты ай убакыт берилет, болбосо ал тиркемелер жүктөлчү аянтчадан алынат.

Андан кийин мыйзам долбоору жогорку палатада, б.а. Сенатта каралат. Ал жакта долбоордун тагдыры кандай болоору белгисиз, бирок АКШнын президенти Жо Байден мыйзам долбоорун Конгресс колдой турган болсо ага кол коюуга даяр экенин билдирди.

Эмне үчүн көп жылдардан бери АКШнын бийлиги TikTok’тун колдонулушун чектегенге аракет кылып келет? Биздин материал бул тууралуу.

Эмне үчүн TikTok’ту тиркемелер дүкөнүнөн алып салгысы келип жатышат?

Акыркы жылдары АКШнын, Европанын жана Канаданын парламентчилери кытайлык ByteDance компаниясына таандык TikTok коомдук тармагын чектегенге аракет кылып келишет.

Батыш өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруучу жана көзөмөлдөөчү органдары TikTok жана башкы кеңсеси Бейжинде (КЭР) жайгашкан ByteDance компаниясы колдонуучулар тууралуу купуя маалыматтарды, мисалы алардын жайгашкан жерлерин, Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп кооптонушат. Ошол эле кезде бул органдар КЭРдин мыйзамдарына шилтеме кылышат. Бул мыйзамдар боюнча, өкмөт чалгын жүргүзүү максатында кытай компанияларынан жана жарандарынан айрым маалыматтарды жашыруун сурай алат.

Былтыр февралда Колорадо штатынын сенатору Майкл Беннет Apple жана Google корпорацияларын улуттук коопсуздук максатында AppStore жана GooglePlay тиркемелер дүкөндөрүнөн TikTok тиркемесин алып салууга чакырган. Бирок компаниялар расмий түрдө жооп беришкен эмес.

Компания өзү бул тууралуу эмне дейт?

TikTok’тун өкүлдөрү АКШнын бийлиги койгон кинелерди четке кагып келишет. 2022-жылы белгилүү болгондой, компания АКШда жашаган колдонуучулардын бардык маалыматтарын америкалык Oracle компаниясынын серверлерине которгон.

Андан сырткары, TikTok’тун башкы директору Чу Шоу Цзы АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Энергетика жана соода боюнча комитетинин уктурууларына катышкан. Анда ал компания биринчи кезекте колдонуучулардын коопсуздугу тууралуу ойлоноорун билдирген. Чу Шоу Цзы ал жетектеген компания АКШнын мыйзамдарына баш иерин, колдонуучулар тууралуу маалыматты эч качан Кытайга бербегенин жана бербей турганын белгилеген.

Юридикалык жактан алганда TikTok (а демек ByteDance да) Кайман аралдарында катталган, ал эми башкы кеңселери Сингапурда жана Лос-Анджелесте жайгашат.

TikTok’тун жаңы ээси ким болушу мүмкүн?

Meduza басылмасы билдиргендей, Жо Байден бийликке келгенге чейин америкалык Oracle жана Walmart компаниялары TikTok’тун акцияларынын 20%ын сатып алыша тургандыгы белгилүү болгон. Бирок 2021-жылдын башында тийиштүү сүйлөшүүлөр токтотулган болчу.

Учурда ар түрдүү эсептөөлөр боюнча TikTok’тун баасы $40-$150 млрд түзөт. Бирок буга карабай TikTok’ту сатып алууну каалаган бир нече талапкерлер белгилүү:

Стивен Мнучин — АКШнын мурдагы каржы министри

Бобби Котик — Activision Blizzard оюн-зоок басманын мурдагы башкы директору

Сэм Альтман — OpenAI компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири

Кевин O’Лири — канадалык инвестор, мультимиллионер

USA Today журналисттеринин божомолунда, учурда Google, Meta жана Microsoft сыяктуу ири компаниялар TikTok’ту сатып алууга көп кызыгышпайт, анткени Байдендин администрациясы технологиялык алптардын андан ары өсүшүн каалабай, антимонополдук мыйзамчылыкты колдонууну күчөтүп келет.

TikTok’ту чектөө боюнча мурдагы аракеттер

TikTok’ту тиркемелер дүкөнүнөн алып салуу тууралуу сөздөр 2020-жылы эле айтыла баштаган болчу. Анда учурдагы экс-президент Дональд Трамп TikTok’ту жана кытай мессенжерин WeChat’ты көчүрүп алуу платформасынан алып салууга буйрук кылган. Кызыгы, Трамп учурда TikTok’тун ишин чектөө аракеттерине каршы чыгууда.

Reuters’дин маалыматы боюнча, бардык америкалык мамлекеттик кызматкерлер тиркемени 2023-жылдын мартынын аягына чейин өчүрүп салышы керек болчу. Азыр 39 штаттын аткаминерлери жана кээ бир америкалык университеттердин кызматкерлери иш түзүмдөрүндө тиркемени колдоно алышпайт.   

Дагы кайсы өлкөлөрдө TikTok бөгөттөлгөн?

Киберкоопсуздукка байланыштуу тынчсыздануулардан улам, Австралиянын, Улуубританиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Норвегиянын, Бельгиянын, Даниянын, Канаданын, Жаңы Зеландиянын жана Тайвандын мамлекеттик кызматкерлерине телефондорунда TikTok’ту колдонууга тыюу салынган.

Андан сырткары, 2020-жылы кытай-индия чек арасындагы жаңжалдан кийин Индия өкмөтү TikTok’ту жана бир катар кытайлык тиркемелерди өлкөнүн аймагында бөгөттөп салган.

Кытайдын өзүндө эмне болуп жатат?

Башка өлкөлөрдүн чочулоосуна КЭРдин төмөнкү эки мыйзамы себепчи болууда: 2014-жылы кабыл алынган шпиондук менен күрөшүү тууралуу мыйзамда тергөө үчүн далилдерди чогултуудан «тиешелүү уюмдар… баш тарта албайт» деп айтылат, ал эми 2017-жылы кабыл алынган Кытайдын улуттук чалгыны тууралуу мыйзамда «бардык уюмдар» мамлекеттик чалгынга жардам бериши керек же аны менен кызматташы керек деп белгиленет.

Ошентип, ByteDance кытайлык компания болгондуктан ал КЭР бийлиги койгон талаптарды аткарышы керек болот.

Эскерте кетсек, КЭРдин аймагында америкалык интернет-компанияларга көптөн бери тыюу салынган. Алар YouTube, X, Instagram, WhatsApp жана Facebook –  бул компаниялардын бардыгы маалыматтарды чогултуу жана колдонуучулар бөлүшкөн контентти түрлөрү боюнча Кытайдын эрежелерин бузуп келишет. Ал эми Google компаниясы Кытайдын аймагында 2010-жылдан бери иштебейт. Анда компания ага жана башка америкалык компанияларга карата болгон хакерлик чабуулдарга шылтоолоп, цензурага мындан ары дуушар болгусу келбегенин билдирген.

Тыянак: көп жылдардан бери АКШнын бийлиги TikTok платформасын тиркемелердин дүкөндөрүнөн алып салууга аракеттенип келет. Платформанын ээси ByteDance КЭРдин мыйзамдарына баш ийгендиги жана маалыматтардын кытай бийлигине берилип турушунун ыктымалдыгы буга себепчи болууда.