Депутаттардын династиясы. Сыдыковдордун үй-бүлөсү бийлик менен бизнести кантип айкалыштырып келет?

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков 2021-жылдын соңунда Ноокен шайлоо округунан шайланып, кайра депутат болгон. Уулу Алымбек Бактыбеков анын жолун улап Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон. Factcheck.kg редакциясы депутаттардын кандай бизнеси бар экенин иликтеп чыкты.

Сыдыковдор тууралуу эмне билебиз?

Бактыбек Сыдыков чоң саясатка «Республика – Ата-Журт» партиясынын катарында, VI чакырылыштын депутаты болгон. Эмки мөөнөткө ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешеси бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган. Бирок шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон партиялар митингге чыгып, шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган болчу. Кийинчирээк, октябрь окуяларынан кийин ал Ноокен шайлоо округунан парламентке өтүп, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын фракциясынын жетекчиси болгон.

Депутаттыкка чейин Сыдыков авиатармагында иштеп келген. Ал «Эл аралык “Манас” аэропорту» ААКтын башкармалыгын (2020-жылдын октябрынан тартып 2021-жылдын февралына чейин) жетектеген. Бул кызматты ал бир нече жолу аркалаган. 2005-2007-жылдары «Манас» аэропортунун социалдык-экономикалык маселелер боюнча вице-президенти, 2007-2010-жылдары президенти болгон. Кийин ал Башкы прокуратура тарабынан аэропорттун башкармалыгынын мүчөлөрү менен кылмыштуу келишим түзүүгө айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сыдыков аэропорттун күйүүчү май куюучу комплексин мыйзамсыз сатууну пландаштырган.

Бактыбек Сыдыковдун атасы – Үсөн Сыдыков – президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын биринчи жетекчиси болгон, кийин ал президенттин кеңешчиси болгон. Ага чейин Союз учурунан бери ар түрдүү кызматтарда иштеп келген. 2021-жылы 79 жашында дүйнө менен коштошкон.

Бактыбек Сыдыковдун уулу дагы Бишкек шаардык кеңеште (БШК) «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын фракциясынын жетекчиси болуп эсептелет. Бактыбек Сыдыков өзү билдиргендей, депутат болууну уулуна өзү сунуштаган:

«Анын тагдыры өтө кызык. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле акылдуу бала экени байкалган. Сегизинчи классты аяктаганда мен аны Швейцарияга окуга жөнөткөм. Мектепти бүтүп, Лондондогу Экономиканын жогорку мектебине өзү өткөн, магистратураны бүтүрүп, бул жерге кайтып келген. Бир жылдан кийин Пенсильван университетинин магистратурасына өткүсү келгенин билдирди. Ал жакка өттү. Төрт ай Америкада жашады, бирок ага эки жыл стажы жетпей калды. Бул жакка кайтып келди, мен ошондо шаардык кеңештин депутаты болууну сунуштадым.

Бирок мен бул сунушума катуу кейип калдым. Ал шаардык кеңештин депутаты болуп, ошондон бери ал жактан такыр кете албай жүрөт. Башында мен ал каалаган учурда депутаттыгын таштап, Уортондо (Пенсильван университетинин алдындагы Уортондун бизнес мектеби) окуусун уланта алат деген элем».

Депутаттын үй-бүлөсүнүн кандай бизнеси бар?

Osoo.kg порталынын маалыматы боюнча, БШКнын депутаты Алымбек Бактыбековго «”АККА” компаниялар топтому» ЖАК компаниясы катталган. Бактыбеков бул компаниянын директору да, негиздөөчүсү да. Компания «турак жана турак эмес имараттарды куруу» менен шугулданат. Мурдараак (2011-2015-жылдары) «АККАнын» директорлор кеңешинин төрагасы Бактыбек Сыдыков өзү болгон. Интервьюларынын биринде, бул компанияны өзү ачканын айткан.

Компания 10 фирманын башын бириктирген холдинг экени белгилүү. Бирок тактай кетчү нерсе – 10 фирманын бешөөсү учурда ишмердүүлүгүн токтоткон.

Холдингдин курамындагылар:

— «Ош» эл аралык аэрпортунда аба кемелерине май куюучу «АККА» ЖАК май куюучу комплекси. Кийинчирээк комплекстин аталышы өзгөртүлгөн, учурда ал «Аэро Ош» деп аталат. Бул фирма орусиялык «Газпром Нефть» компаниясы менен байланышта экени жана биргелешип күйүүчү май менен соода кылышаары белгилүү.

«АККА Кейтеринг» ЖЧКучакта берилүүчү тамак-аш цехи. 2023-жылы компания 8.8. млн сом өлчөмүндө салык төккөн.

«АККА-Авиэйшн Сервис» ЖЧК – Кыргызстан аэропортторунда чертердик каттамдарды тейлөө. «”АККА” компаниялар топтому» ЖАК анын жалгыз негиздөөчүсү болуп эсептелет. 2023-жылы компания 29 млн сом салык төккөн.

«АККА Транс Сервис» ЖЧК – бажы терминалынын кызматтары. 33 млн сом өлчөмүндө салык төккөн. Жалгыз негиздөөчүсү – «”АККА” компаниялар топтому» ЖАК. Компаниянын директору Жумалиев Марат Осконбаевич. Белгилей кетүүчү жагдай, шайлоо учурунда бул ЖЧК Сыдыковдун шайлоо фондуна 150 миң сом которгон.

«”АККА-Ресурс” Өндүрүш жана соода компаниясы» ЖЧК – адистешпеген дүңү менен соода. 2023-жылы төккөн салыгынын өлчөмү – 1.5 млн сом.

«”АККА” компаниялар топтому» ЖАК бул туунду компаниялардан сырткары дагы бир катар компанияларга ээлик кылат. Алардын бири – «Тез Жет» ЖЧК. Ал 2013-жылы катталган болчу.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Тез Жет» рынокко чыкканына бир жыл болгондо Кыргызстан боюнча авиакаттамдарды тейлеген «Пегасус» компаниясы монополисттердин катарынан чыгарылган болчу. Анын алдында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Пегасус Азия» авиакомпаниясынын тарифтеринин мыйзамдуулугун текшере баштаган, алар өтө төмөн болгон (1000 сом). Ошондо компаниянын өкүлдөрү бийлик тараптан текшерүүлөрдүн санынын өсүшүн атаандаштарынын даттанууларына байланыштуу деп билдиришкен.

Учурда Кыргызстандагы авиакаттамдардын көбүн «Тез Жет» тейлейт – бир суткадагы 10 ички каттамдардын сегизи «Тез Жетке» туура келет.

«Боз-Жорго Транс» ЖЧК. Ишмердүүлүгү – кооздоо жана курулуш таштарын казып алуу. 2009-жылы иштей баштаган. Бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири – Мамашарипова Майрамкан Толоновна. 2023-жылы фирма салык төккөн эмес, таштандыларды чыгаруу үчүн 120 сом төлөгөн.

«”АККА-Секьюрити” күзөт агенттиги» ЖЧК – жеке күзөтчүлөрдүн жана жеке күзөт бюролорунун ишмердүүлүгү. «”АККА” компаниялар топтому» ЖАК жалгыз ээси болуп эсептелет. 2023-жылдагы салык төлөмдөрү – 1.3 млн сом.

«Авиа Траффик Кейтеринг» ЖЧК – тамак-аш менен камсыздоо боюнча бир жолку жана башка кызматтарды көрсөтүү. Компания 2003-жылы катталган. Негиздөөчүлөрүнүн катарында «Avia Traffic Company» ЖЧК бар. Бул компания дагы Кыргызстандагы ички авиакаттамдарды тейлейт. Компаниянын директору Осмоналиев Аскар Темирбекович. Ал ошондой эле «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКта авиажүк борбордун директору болуп иштейт.

Сыдыковдун өзүнө мурда «SVOBODA-KOSMETIKS Кыргыз-орус соода үйү» (Свобода Косметикс) таандык болчу. Ал компаниянын жалгыз негиздөөчүсү болгон. Бул косметикалык марка «Балет» аталышындагы бюджеттик крем жана самын менен соода кылчу. Учурда компания Сыдыкова Чынара Усеновнага катталган.

Тыянак: ЖКнын депутаты Бактыбек Сыдыковдун уулу Алымбек Бактыбеков Кыргызстандагы ири авиакомпаниянын бири «Тез Жетке» ээлик кылат. Ошондой эле анын балансында тогуз компания бар.