Apple ID’ге көп сандагы хакерлик чабуул болдубу? Текшеребиз

Коомдук тармактарда «apple ID’нин учеттук жазуулары күтүлбөгөн жерден көп сандагы хакерлик чабуулга дуушар болду» деген маалымат таркатылууда. Factcheck.kg’нин окурманы бул маалыматты текшерип берүүнү өтүндү.

Apple компаниясынын сайтында көп сандагы хакерлик чабуулга байланыштуу пресс-релиз жайгаштырылган. Компания 10-апрелде тынч океан убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө 92 өлкөдөгү колдонуучуларын шпиондук программалардын коркунучу жана алардан сактануу жолдору тууралуу маалымдаганын билдирет.

Жабыр тарткан кардарларына компания төмөнкү мазмундагы билдирүүлөрдү жиберген: «Apple аныктагандай, сиз шпиондук чабуулдун курмандыгы болдуңуз, алыстан туруп сиздин Apple ID -xxx- номуруңузга байланыштуу iPhone түзүмүңүзгө бузуп кирүү аракет болууда».

Пресс-релизде айтылгандай, Apple’дин коркунуч тууралуу билдирүүлөрү кайсы бир себептен хакердик чабуулдун объектиси болуп калган колдонуучуларды маалымдоо жана аларга жардам берүү иретинде болгон. Балким бул чабуулга алардын ишмердүүлүгү же иштеген жерлери себеп болгондур.

Apple белгилегендей, бул чабуулдар кадимки киберкылмыш аракеттерине жана керектөөчү зыяндуу программалык камсыздоолорго караганда кыйла татаалыраак, анткени жалданган ниети бузук-шпиондор аз сандагы конкреттүү адамдарга жана түзүмдөргө чабуул жасаш үчүн эбегейсиз мүмкүнчүктөрдү колдонушат.

«Шпион программалардын чабуулдары миллиондогон доллар турат жана алар адатынча кыска убакытта жүргүзүлөт, андыктан аларды аныктоо жана алардын алдын алуу кыйла кыйынчылыкты жаратат. Колдонуучулардын басымдуу көп бөлүгү эч качан мындай чабуулдардын курмандыктары болбойт. Жалданма-шпиондордун чабуулдары өтө аз сандагы адамдарга карата гана жүргүзүлөт – көпчүлүк учурда алар журналисттер, активисттер, саясатчылар жана дипломаттар болушат», – деп айтылат компаниянын пресс-релизинде.

Мурда, 2021-жылы, Apple коркунучту аныктаган сайын колдонуучуларга бир нече жолу билдирүүлөрдү жиберген. Жалпысынан компания 150дөн ашык өлкөдөгү колдонуучуларын маалымдаган.

Apple шпиондук чабуулдарга байланыштуу аракеттерди аныктаганда тийиштүү колдонуучуларын эки ыкманы колдонуп маалымдайт:

  • Колдонуучу apple.com‘догу тутумга киргенде, коркунуч тууралуу билдирүү барактын баш жагында көрсөтүлөт.
  • Apple колдонуучунун Apple ID’сине байланган электрондук почтага жана телефон номуруна электрондук кат жана iMessage билдирүүсүн жиберет.

Бул билдирүүлөрдө колдонуучу түзүмдөрүн коргоо үчүн, анын ичинде блокко салуу режимин колдонуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу кошумча маалыматтар берилет.

Маанилүү маалымат

Ошол эле кезде Apple коркунуч тууралуу билдирүүлөрүндө кайсы бир шилтемелерди басууну, файлдарды ачууну, тиркемелерди же профилдерди орнотууну, Apple ID’нин сыр сөзүн же тастыктоо кодун электрондук почта же телефон аркылуу берүүнү эч качан сунуштабайт. Apple’дин коркунуч тууралуу билдирүүсүнүн аныктыгын текшериш үчүн appleid.apple.com сайтына кириңиз. Эгер коркунуч тууралуу билдирүүнү Apple жөнөткөн болсо, бул билдирүү сайт баракчасынын башында жайгаштырылган болот.

Эгер сизге Apple’ден коркунуч тууралуу билдирүү келбесе, бирок сиз хакерлердин чабуулунун бутасы болуп калышыңыз мүмкүн деген чочулоо бар болсо, сиз алардан коргонуунун кошумча аракети катары Apple түзүмүндөгү блокко салуу режимин иштетсеңиз болот.

Тыянак: чындык. Apple чынында эле болушу мүмкүн шпиондук чабуулдар тууралуу билдирүүлөрдү жиберген. Бирок компаниянын айтымында, колдонуучулардын басымдуу көп бөлүгү эч качан мындай чабуулдардын курмандыктары болбойт.