Кыргыз аскерлери жайкын тургундардын үйлөрүн талкаладыбы? Калп

Коомдук тармактарда кыргыз жоокерлери Тажикстандын жеринде жайкын тургундардын үйлөрүн талкалап салды деген маалыматтар таркатылууда. Бул билдирүүлөр фотосүрөттөр менен коштолгон.

 

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Аны аныкташ үчүн биз сүрөттөрдү алып алар качан, кайсы жерде тартылганын текшердик.

«Яндекс» кызматындагы издөө бул сүрөт Sputnik.tjмаалыматтык агенттигине таандык экенин көрсөттү. 27-июнда Ворухта катуу сел болуп, бир топ үйлөр талкаланып сынган.

Сел жолдорду, турак жайларды талкалаган. Суу каналдан ашып үйлөрдү каптап, чоң чыгымдарга алып келген.

“Тургундардын айтымында, табигый кырсык Исфарадагы Ворух жамаатынын Хушобод айылында болгон”, – деп билдирген маалыматтык агенттик.

Эмки сүрөттү болсо Asia-Plus тажик ЖМКсы 2018-жылдагы Афганистандагы согуштун курмандыктары тууралуу материалында колдонгон.

Тыянак: Калп, көз жазгыруу. Коомдук тармактын МартабаСултонзода деген колдонуучусу ЖМКлар таптакыр башка тема боюнча жарыялаган эски сүрөттөрдү колдонгон.