Фоточек: Сокулукта күндүн катуу ысыганынан жолчырак эрип кеттиби?

Коомдук тармактарда жана Telegram каналдарда Сокулукта күндүн катуу ысыганынан 8-июнда жолчырак эрип кетти деген маалымат таркатыла баштаган. Ага далил катары эрип кеткен жолчырактын сүрөтү колдонулган. 

Колдонуучулардын көбү бул маалыматка ишенбей тургандарын билдиришкен, биок маалыматты тараткандар бул чындык, сүрөт бир нече саат мурун эле тартылган деп айтышкан.

Factcheck.kg сайтынын редакциясы сүрөттө Сокулукта эриген жолчырак көрсөтүлгөнбү, жокпу текшерип көрдү.

Сүрөт боюнча тескери издөө бизге ушул сүрөт колдонулган толтура макалаларды табууга мүмкүнчүлүк берди. Аны Орусиялык, Израилдик, Түркиялык колдонуучулар жарыялап келишкен. Дээрлик алардын бардыгы 2022-жылдын август-декабрь айларында жарыяланган.

Тилекке каршы сүрөттүн түп нускасын табууга мүмкүн болбоду. Бирок бул сүрөт 2022-жылдын 23-августунда эле жарыяланганын аныктай алдык.

Эрип кеткен жолчырактардын жана автоунаалардын сүрөттөрүн күндүн аябай ысып кеткенине далил катары колдонуу аракеттерине көптөгөн мисалдарды келтирсе болот, бирок аларды текшерүүдөн кийин алар күндүн ысыгынан эмес өрттөн эрип кеткендери аныкталган.

Мисалы, эки жыл мурун Factcheck.kg Кувейтте күндүн аябай ысыганынан жолчырактар гана эмес, автоунаалар да эрип кеткен деген маалыматты төгүндөгөн болчу. Анда фаралары эрип кеткен автоунаалардын жана жолчырактардын сүрөттөрү келтирилген. Чынында бул сүрөттөр АКШда өрттөн кийин жана Испанияда нааразычылык акциялардан кийин тартылган эле.

Башка жолу эрип кеткен жолчырактын сүрөтүн 2017-жылы украиндик маалымат булактар жарыялап, бул Киевдеги күндүн катуу ысыганынын кесепети деп беришкен. Бирок текшерүү көрсөткөндөй, сүрөт бир жыл мурун Киевде эмес Ровно шаарында тартылган жана жолчырак күндүн ысыгынан эмес, анын алдында күйүп кеткен автоунаадан эриген.

Мексикада 2018-жылы күндүн аномалдуу ысыгынан жолчырактар деформация болгон. Бирок анда термометр 55 градус цельсия ысыкты көрсөткөн болчу.

Заманбап жолчырактар бузулбай иштей алган температуралар минус 40тан плюс 50-60 градуска чейин.

Метеорологдордун маалыматтары боюнча, Сокулукта 8-июнда абанын температурасы 35 градустан ашкан эмес, ал эми айрым жерлерде асманды ала булут каптап турган.

Тыянак: калп. Эрип кеткен жолчырактын сүрөтү интернетте былтыр эле жарыяланган жана анын Сокулукка эч кандай тиешеси жок.